Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 26-июлу № 299-б
Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу Мамлекеттик башкарууга техникалык жардам кредиттерин (GТАС) натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу Мамлекеттик башкарууга техникалык жардам кредиттерин (GТАС) натыйжалуу ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобо;
- 2-тиркемеге ылайык Мамлекеттик башкарууга техникалык жардам кредиттерин (GТАС) ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин курамы.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-июнундагы № 468 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
1-тиркеме
Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу Мамлекеттик башкарууга техникалык жардам кредиттерин
(GТАС) ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу Мамлекеттик башкарууга техникалык жардам кредиттерин (мындан ары - GТАС долбоору) ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) Дүйнөлүк банктын жогоруда аталган программалык кредиттин натыйжалуу башкаруу боюнча ишти координациялоо үчүн түзүлөт.
Координациялык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
Координациялык кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдер мамлекеттик аткаруу бийлик органдары үчүн сунуштамалык мүнөзгө ээ.
2. Координациялык кеңештин максаттары жана милдеттери
Координациялык кеңештин негизги максаты GТАС долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик эмес түзүмдөрдү ведомстволор аралык таасирдүү өз ара аракеттеринин ишин координациялоо жана камсыздоо болуп саналат.
Координациялык кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Казыналыкты башкаруунун маалыматтык системасын (мындан ары - КБМС) жана Адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын (мындан ары - АРБМС) иштеп чыгуу жана киргизүү маселесин кошкондо GТАС долбоорун ишке ашырууга байланыштуу маселелерди карап чыгуу;
2) долбоордун бардык катышуучуларынын ведомстволор аралык таасирдүү өз ара аракеттерин аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн камсыз кылуу;
3) бардык катышуучулардын долбоордун компоненттерин даярдоо жана ишке ашыруу боюнча чаралардын аткарылышын мониторингдөө;
4) долбоордун иш-чараларын даярдоо жана ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдардын маалыматын жана отчётторун угуу;
5) GТАС долбоорунун алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин карап чыгуу.
3. Координациялык кеңештин укуктары
Координациялык кеңеш ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) долбоордун иш-чараларын даярдоо жана ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдардан белгиленген тартипте зарыл материалдарды суратууга жана алууга;
2) долбоорду ишке ашыруу иш процессинде мамлекеттик аткаруу бийлиги адамдарынын, илимий жана башка уюмдардын өкүлдөрүн тартууга, ошондой эле алардан Координациялык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматты суратууга;
3) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар өткөргөн долбоорду ишке ашырууга байланыштуу маселелер боюнча кеңешмелерге, конференцияларга жана семинарларга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн белгиленген тартипте жөнөтүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин талап кылган сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
5) Координациялык кеңештин алдында туруктуу техникалык комитеттерди, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топторун түзүүгө.
4. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
1. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги - GТАС долбоорун ишке ашыруу боюнча аткаруучу агенттиги уюштурат.
2. GТАС долбоорун натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу, иш-чараларды уюштуруу жана алардын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу максатында Координациялык кеңештин алдында, долбоордук документтерде каралган, тийиштүү техникалык комитеттер түзүлөт.
3. Техникалык комитеттер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу милдеттерине байланыштуу республикалык жана эл аралык конференцияларды, семинарларды, курстарды уюштурууга;
2) долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жана эл аралык консультациялык жана башка ресурстарды тартууга;
3) Координациялык кеңештин чечимдерин аткарууну уюштурууга.
Техникалык комитеттердин курамы Координациялык кеңеш тарабынан бекитилет.
5. Координациялык кеңештин иш тартиби
Координациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жана ушул Жобо менен анын компетенциясына таандык бардык маселелер боюнча чечимдерди коллегиалдуу талкуулайт жана чечим кабыл алат.
Координациялык кеңештин чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калганда төрагалык кылуучу добуш берген чечим өтөт.
Координациялык кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Координациялык кеңештин жыйынын анын төрагасы, ал жокто төраганын тапшырмасы менен координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бири жетектейт.
Координациялык кеңештин чечими Координациялык кеңештин протоколунун формасында таризделет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде сакталат.
Жыйындын күн тартиби жөнүндө маалымат, ошондой эле Координациялык кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча маалымат Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Координациялык кеңештин жыйынын өткөргөнгө чейин кеминде 5 жумуш күнүнөн мурда Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө берилет. Координациялык кеңештин жыйынынын протоколу жана чечими жыйындан кийин 5 жумуш күнүнөн кечиктирилбей берилет.
2-тиркеме
Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу Мамлекеттик башкарууга техникалык жардам кредиттерин (GТАС) ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин курамы
Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Координациялык кеңештин төрагасы.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
финансы министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
GТАС долбоорун ишке ашыруу тобунун менеджери, Координациялык кеңештин аткаруучу катчысы (макулдашуу боюнча).