Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 16-июну УӨ № 469
Ош жана Жалал-Абад облустарынын, Ош шаарынын жабыр тарткан калкына медициналык тез жардам көрсөтүү максатында:
1. Ушул тескеменин тиркемесине ылайык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондусунан 21294000 (жыйырма бир миллион эки жүз токсон төрт миң) сом бөлүнсүн, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 15894000 (он беш миллион сегиз жүз токсон төрт миң) сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "бир булактан алуу" ыкмасында сатып алышсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 469 тескемесине тиркеме |
| Иш-чаралардын аталышы
| Саны
| Баасы (сом)
| Суммасы (сом)
| Эскертүү (чыгым- дардын берене- лери) |
1
| Санитардык автотранспорт сатып алуу
| 14 бирдик
|
| 11000000
| Жабдуу- ларды сатып алуу |
2
| Күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу
|
|
| 700000
| Транс- порттук чыгымдар |
3
| Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу
|
|
| 610000
| Медика- менттер үчүн чыгымдар |
4
| Дезинфекциялоо каражаттарын сатып алуу: - кальций гипохлорити; - хлор акиташы; - кальцийленген сода; - каучук содасы; - кир жуугуч порошок; - кир самын |
10 т 10 т 1,5 т 1 т 1 т 4000 даана |
100 сом/кг 35 сом/кг 24 сом/кг 48 сом/кг 40 сом/кг 15 сом |
1000000 350000 36000 48000 40000 60000 | Башка чыгымдар
|
5
| Каалгаларды, терезелерди калыбына келтирүү үчүн материалдарды сатып алуу чыгымдар |
|
| 300000
| Башка чыгымдар
|
6
| Тамак аш азыктарын сатып алуу
|
|
| 950000
| Тамак- тануу үчүн чыгымдар |
7
| Эпидемиологиялык очоктордун чыгышын алдын алуу үчүн дезинфекциялоо иштерин уюштуруу
|
|
| 800000
| Бирдик- түү берене менен берилген чыгымдар |
8
| Саламаттык сактоо уюмдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу каржылануучу медикаменттер, тамак аш азыктары, күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо |
|
| 5400000
| Бирдик- түү берене менен берилген чыгымдар
|
| Жыйынтыгы |
|
|
| 21294000 |