Редакцияот 16.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 16-июну УӨ № 477

2010-жылы селден жана суу каптоолордон жабыркаган объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү, республиканын аймагында сактоочу курулмаларды куруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине республиканын аймагында кечиктирилгис кошумча авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражатынан 25000000 (жыйырма беш миллион) сом бөлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бул тескеменин 1-пунктунун аткарылышы жөнүндө 2011-жылдын 10-январына карата отчет берсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылууу Өкмөтүнүн

Төрагасы

 

 

Р.Отунбаева