Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 23-июну УӨ № 487
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 30 "2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, ошондой эле "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти курулуштун заказчысы "бир булактан ыкмасы менен сатып алууну" аныктоого төмөнкүлөргө уруксат берсин:
- "Жал № 29" кичи районунда турак жай комплексин долбоорлоо үчүн долбоорлоочу уюм - "Гарантпроект" жоопкерчилиги чектелген коомуна;
- "Жал № 29" кичи районунда турак жай комплексин куруу үчүн башкы подряддык уюм - "Азат" үй куруу комбинаты ачык акционердик коомуна.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги заказчы менен подрядчынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдүн негиздүүлүгүнө катуу контролдоону камсыздасын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |