Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-апрели УӨ №30
2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы №290 токтомунун редакциясына ылайык)
2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуяларда курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясы "Жал N 29" кичи районунда Түштүк магистралы боюнча жайгашкан 0,4 га аянттагы жер участокту республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен муниципалдык 144 квартиралуу көп кабаттуу турак жай комплексин (мындан ары - турак жай комплекси) куруу үчүн бөлүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы №290 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине типтүү долбоорлорду жайгаштыруу жана турак жай комплексин куруу үчүн ушул агенттик берген эсептөөлөрдүн бириктирилген сметасына ылайык акча каражат тапсын жана бөлүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:
- бөлүп берилген жер участогуна турак жай комплексин жайгаштырууну жүргүзсүн;
- типтүү долбоорлордун негизинде параллелдүү долбоорлоо менен турак жай комплексин куруу боюнча заказ берүүчү болсун;
- "Сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башкы подрядчикти аныктасын;
- турак жай комплексин курууну 2010-жылдын 1-декабрына чейин аяктоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тиешелүү инженердик кызматтар менен бирдикте аталган турак жай комплексин жылуулук, электр, газ жана суу менен жабдуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун инженердик тармактарына оптималдуу кошууну камсыз кылсын.
5. 2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуялардын убагында курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүнө бул турак жай комплексинен турак жай бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы №290 токтомунун редакциясына ылайык)
6. "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомуна, "Кум-Шагыл" ачык акционердик коомуна, "Таш-Темир" акционердик коомуна турак жай комплекси үчүн курулуш материалдарын жеткирүүнү заказ берүүчүнүн арызына ылайык ишкана-даярдоочунун баасы боюнча жүргүзүү сунуш кылынсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы №290 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |