Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 23-июну УӨ № 497
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Декретин ишке ашыруу максатында:
1. 1500000 (бир миллион беш жүз миң) нускада арыздардын бланктарын даярдаган басмаканалык кызмат көрсөтүүсүнө кредитордук карызды жоюу үчүн "Учкун" акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан 270,0 (эки жүз жетимиш) миң сом бөлүнсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондун 270,0 (эки жүз жетимиш) миң сомго көбөйтүүнү караган "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу тиешелүү сунушту белгиленген тартипте киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |