РаспоряжениеКүчүндө

КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-июнундагы УӨ № 497 (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан акча каражатын бөлүү тууралуу) тескемеси

Редакция23.06.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 23-июну УӨ № 497

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Декретин ишке ашыруу максатында:

1. 1500000 (бир миллион беш жүз миң) нускада арыздардын бланктарын даярдаган басмаканалык кызмат көрсөтүүсүнө кредитордук карызды жоюу үчүн "Учкун" акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан 270,0 (эки жүз жетимиш) миң сом бөлүнсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондун 270,0 (эки жүз жетимиш) миң сомго көбөйтүүнү караган "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу тиешелүү сунушту белгиленген тартипте киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылууу Өкмөтүнүн

Төрагасы

 

 

Р.Отунбаева