Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 25-июну УӨ № 501
2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна жана 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик жашыруун сырды коргоого жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Ош областынын Каракулжа районунда пайда болгон өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош областынын Кара-Кулжа районундагы ЛЭП-110 кВ "Өзгөн-Кара-Кулжа" жана ЛЭП-35 кВ "Капчыгай-Ойтал" аба участогунда түзүлгөн өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 5,5 млн. (беш миллион беш жүз миң) сом бөлүп берсин.
2. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн участоктордо энергетика тутумунун коопсуз жана туруктуу иштеши үчүн зым илгичтерди, электр берүү линияларын башка жерге орнотуу "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" жана "Ошэлектро" ачык акционердик коомдоруна сунуш кылынсын.
3. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |