Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 25-июну УӨ № 502
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча 2011-жылга чейинки биринчи кезектеги чаралары жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча 2011-жылга чейинки биринчи кезектеги чараларынын 3.4-пунктун аткаруу үчүн:
1. Карыздардын структурасына талдоо жүргүзүү жана мамлекеттик бюджеттин карыздык милдеттенмелерин башкаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына төмөнкүлөрдү тапшырсын:
- 2010-жылдын 30-июлуна чейинки мөөнөттө - энергия ресурстарын берүүчүлөргө жана бюджеттик уюмдарга табигый газ, жылуулук жана электр энергияларын берүүчү ишканаларга бюджеттик карыздардын структурасына жана пайда болуу себептерине анализди;
- 2010-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө - бюджеттик керектөөчүлөрдүн жабдуучу-берүүчүлөргө береселерин жоюунун макулдашылган графигин каржылоо булактарын көрсөтүү менен, ошондой эле кызмат адамдарынын төлөө мөөнөтүн бузгандык үчүн жоопкерчилиги жөнүндө сунуштарды;
- 2010-жылдын 15-октябрына чейинки мөөнөттө - керектелчү энергия ресурстары үчүн мамлекеттик жана муниципалдык чыгымдарды бюджеттик каржылоо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды.
3. Жумушчу топко министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшырылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-июнундагы № 502 тескемесине тиркеме |
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
"Кыргызгаз" ААКнын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Бишкекжылуулуктармагы" ААКнын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Көмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басарынын экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси;
көз каранды эмес эксперт (макулдашуу боюнча).