Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2011-жылдын 3-майындагы № 242 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 28-июну УӨ № 506
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:
Ахматов Султан Маматович - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
Кожошев Арзыбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Эсеналиев Талантбек Канатбекович - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун башчысынын милдетин аткаруучу;
Некрасов Владимир Анатольевич - Россия Федерациясынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
Жунусов Адамкул Орокеевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажыдан өткөндөн кийинки контролдоо башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 26-январындагы № 48 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |