Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 3-майы № 242
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:
Касымалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Аттокуров М.Ш. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Эсеналиев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн салык жана бажы саясат секторунун башчысы;
Курков И.А. - Россия Федерациясынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
Закиров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын коргонуу жана коопсуздук кызматынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-июнундагы № 506 тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |