Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 29-июну УӨ № 507
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-июнундагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларына жана Кара-Суу, Араван райондоруна өзгөчө абал киргизүү тууралуу" жана 2010-жылдын 13-июнундагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" декреттерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттикке Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 27129400 (жыйырма жети миллион жүз жыйырма тогуз миң төрт жүз) сом суммасындагы акча каражатын кошумча бөлсүн;
- 2010-жыл үчүн чыгымдардын сметасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |