КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 13-июлу ҮӨ № 529
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-июнундагы № 455 тескемесине ылайык, ошондой эле Нарын шаарынын өзгөчө климаттык шарттарын жана 2010-жылга белгиленген жол-ремонттоо жана курулуш иштерин аткаруу үчүн мөөнөттүн кыскалыгын эске алуу менен:
1. Нарын шаарынын мэриясына "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен Нарын шаарынын көчөлөрүн ремонттоо жана куруу боюнча жумуштарды жана кызматтарды сатып алууну ишке ашырууга уруксат берилсин.
2. Нарын шаарынын мэриясы акча каражатын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |