Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 28-январы № 18-б
Ош облусунун жана Ош шаарынын тургундарын турак жай куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу маселесин чечүү максатында:
1. Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Ош шаарынын мэриясы менен бирдикте:
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн жана Папан айыл округдарын жана Ош облусунун Катта-Сай массивин Ош шаарынын администрациялык-аймактык башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө маселени иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү материалдарды киргизсин;
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл округунун 38,0 га жерин көп кабаттуу турак үй куруу үчүн бөлүү мүмкүндүгүн изилдесин;
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл округунун аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен 48,0 га жерди ушул айыл округунун Барак айылынын тургундары үчүн жеке турак жай куруу үчүн бөлүү мүмкүндүгүн изилдесин;
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн жана Папан айыл округдарын тургундарынын жер үлүштөрүн тиешелүү айыл округдарынын Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун бирдей жерлерине алмашуу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган айыл округдарынын тургундарынын жер үлүштөрүн сатып алуу маселесин иштеп чыксын.
2. Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор жана Ош шаарынын мэри жер участокторун кайра бөлүштүрүү маселеси боюнча, ошондой эле "Сугат жерлерди жерлердин башка категориясына жана түрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен киргизилген сугат жерди которууга (трансформациялоого) мораторийдин колдонулушу жөнүндө Ош облусунун жана Ош шаарынын калкына түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция топографиялык сүрөткө тартууну каржылоо жана аткаруу, долбоорлоо-издөө иштери жана шаар куруу документтерин, анын ичинде Ош облусунун Кара-Суу районунан Ош шаарына өткөрүп берүү үчүн каралган жерлерди эске алуу менен Ош шаарын өнүктүрүүнүн негизги планын иштеп чыгуу, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунун аймагында жайгашкан Папан, Төлөйкөн, Катта-Сай жана Ачы массивдерин өздөштүрүү максатында инженердик-транспорттук инфраструктура түзүү маселелери боюнча сунуш киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Ош облусунун аймагында жер участокторун өз алдынча басып алууга жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу жана уюштуруучулук-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер - министри | А.Атамбаев |