Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 9-февралы № 28-б
Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин туулган күнүн 60 жылдык мааракесине арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Жунусов И.К.
| - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Шакиев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Өмүракунов М. | - «Замандаш» партиясынын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Иманалиев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Касиев Н.К. | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
|
Мамбетакунов Б. | - Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
|
Мамбетов Т.М. | - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
|
Оторбаев К.Т. | - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Садыбакасова Ш.С. | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
|
Сакыбаева А.Д. | - «Жаңы агым» гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча);
|
Салымбеков А.М. | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
|
Турсунов Ж. | - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
2. Уюштуруу комитети эки жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттарды тартуунун эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |