РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 37-б (Уюштуруу комитетинин курамын бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2011-жылдын 18-февралы № 37-б

Кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаевдин туулган күнүнүн 120 жылдык юбилейин 2014-жылы майрамдоого байланыштуу:

1. Уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин терагасынын орун басары.

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору;

Бишкек шаарынын мэри;

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

«Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча);

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айылдык округунун башчысы.

2. Уюштуруу комитети үч айлык мөөнөттө юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев