Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-февралы № 47-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын аэропортторунда авиаотун менен камсыз кылуу жаатында биргелешкен Кыргыз-Россиялык ишканасын түзүүгө катышуу жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасы "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомдун директорлор кеңешинин курамына шайлоо үчүн төмөнкүдөй талапкерлерди "Газпромнефть-Аэро-Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун кароосуна белгиленген тартипте киргизсин:
- Исаков Сапар Жумакадырович - "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомдун директорлор кеңешинин төрагасы кызматына;
- Кенекеев Дайыр Атакулович - "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү кызматына.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык пландоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |