Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 11-марты № 64-б
«Мамлекеттик материалдык резервдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 6-пунктуна ылайык, 2011-жылы жазгы талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана аларды күйүүчү-майлоочу материалдар менен оперативдүү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- мамлекеттик резервден 7538,4 куб.м өлчөмүндөгү дизель отунун брондон чыгарсын;
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө андан ары сатуу үчүн жооптуу сактоочунун нефти базасынан куюп алуу же «Газпром нефть Азия» жоопкерчилиги чектелген коом менен дизель отунун сатуу-сатып алууну алдын ала тариздеп, май куюу станцияларынын тармагы аркылуу атайын даярдалган талондор боюнча куюп алуу менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги берген тизмеге ылайык 7538,4 куб.м өлчөмүндөгү дизель отунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги белгилеген бир литри үчүн 25,0 сом (салыктарды кошкондо) баасында тиркемеде аталган өлчөмдөрдө айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берсин;
- дизель отунун сатуудан алынган каражаттарды республикалык бюджетке которсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги акча каражаттарын төмөнкүдөй бөлсүн:
- дизель отунун талон боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө бергендиги үчүн «Газпром нефть Азия» жоопкерчилиги чектелген коомдун салыктарынын ордун дизель отунун сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен толтурууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна;
- дизель отунунун мамлекеттик резервинин запастарынын ордун толтурууга жана «Газпром нефть Азия» жоопкерчилиги чектелген коомдун май куюучу станцияларынын тармагы аркылуу дизель отунун берүү менен байланышкан кошумча чыгымдарды төлөөгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каралган каражаттардын чегинде.
3. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрация башчылары дизель отунунун жогоруда аталган өлчөмүн айыл округдары боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө бөлүп берүүнү камсыз кылышсын жана аны жеткирүүнү 2011-жылдын 15-майынан кеч эмес мөөнөттө аякташсын.
4. Дизель отунун ачык-айкын бөлүштүрүү жана жеткирүү үчүн жеке жоопкерчилик облустардын, райондордун мамлекеттик администрация башчыларына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
Тиркеме
Облустардын жана райондордун аталышы
| Дизель отунунун калдыгынын 01.10.2011-жылга өткөрүлгөн өлчөмү, (куб.м) | Дизель отунун алуучу жер
| Себүү аянты, миң га | Бөлүнүүчү дизель отунунун өлчөмү (куб.м) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Ош облусу | 3912,1 | Кара-Суу районунун Нариман айылы
| 186,1 | 1612,1 |
Алай району |
| 7,3 | 63,9 | |
Араван району |
| 19,6 | 169,7 | |
Кара-Кулжа району |
| 14,9 | 129,0 | |
Кара-Суу району |
| 49,8 | 431,1 | |
Ноокат району |
| 37,4 | 324 | |
Өзгөн району |
| 45,4 | 395 | |
Чоң-Алай району |
| 11,4 | 99,4 | |
Жалал-Абад облусу |
| 100,8 | 1720 | |
Аксы району |
| 11,7 | 203 | |
Ала-Бука району |
| 12,5 | 217 | |
Базар-Коргон району |
| 14,1 | 245 | |
Ноокен району |
| 16,2 | 281 | |
Сузак району |
| 26,8 | 463 | |
Токтогул району |
| 11,3 | 196 | |
Тогуз-Торо району |
| 2,7 | 47 | |
Чаткал району |
| 2,1 | 37 | |
Жалал-Абад шаары |
| 0,6 | 12 | |
Таш-Көмүр шаары |
| 1,09 | 19 | |
Баткен облусу |
| 33,8 | 580 | |
Баткен району |
| 9,1 | 90 | |
Кадамжай району |
| 23,5 | 225 | |
Лейлек району |
| 24,3 | 233 | |
Баткен шаары |
| 1,19 | 11,5 | |
Кызыл-Кыя шаары |
| 2,1 | 20,5 | |
Ысык-Көл облусу | 1163,0 | Балыкчы шаары
| 190,7 | 1025 |
Ак-Суу району |
| 48,1 | 258 | |
Жети-Өгүз району |
| 42,5 | 228 | |
Ысык-Көл району |
| 26,9 | 144 | |
Тоң району |
| 19,9 | 108 | |
Түп району |
| 53,1 | 287 | |
Нарын облусу |
| 27,4 | 598 | |
Ак-Талаа району |
| 5,1 | 113 | |
Ат-Башы району |
| 2,3 | 50 | |
Жумгал району |
| 5,2 | 115 | |
Кочкор району |
| 10,2 | 225 | |
Нарын району |
| 4,5 | 95 | |
Талас облусу |
| Кант шаары
| 90,9 | 658 |
Талас району |
| 27,6 | 180 | |
Бакай-Ата району |
| 22,9 | 158 | |
Кара-Буура району |
| 27,7 | 208 | |
Манас району |
| 12,8 | 112 | |
Чүй облусу | 2463,3 | 402,7 | 1345,3 | |
Кемин району |
| 27,4 | 105,3 | |
Чүй району |
| 27,0 | 103,5 | |
Ысык-Ата району |
| 62,3 | 239,0 | |
Аламүдүн району |
| 34,4 | 131,8 | |
Сокулук району |
| 78,0 | 299,0 | |
Москва району |
| 59,5 | 228,1 | |
Жайыл району |
| 66,8 | 256,1 | |
Панфилов району |
| 47,1 | 180,5 | |
Жыйынтыгы: | 7538,4 |
| 1057,6 | 7538,4 |