Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-марты № 71-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басарына сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана мүмкүн болуучу принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул буйрук кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы
аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары «Жиберүүчү тарап» деп аталып жана Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү мындан ары «Кабыл алуучу тарап» деп аталып, мындан ары «Тараптар» деп аталып,
Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктама
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн «аскер кызматчы» деген термин, Кабыл алуучу же Жиберүүчү Тараптын Куралдуу Күчтөрүнө тийиштүү офицердик курамдын адамдарын, курсанттарды жана башка наамдагы адамдарды түшүндүрөт.
2-берене. Компетенттүү органдар
2. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Тараптар төмөнкү компетенттүү органдарды аныктайт:
Жиберүүчү Тараптан - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги.
Кабыл алуучу Тараптан Пакистан Ислам Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасындагы Пакистан Ислам Республикасынын элчилиги.
3. Жиберүүчү Тараптын Компетенттүү органдарынын өкүлдөрү болуп Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчиси жана/же Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан дайындалган өкүл эсептелет. Кабыл алуучу Тараптын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү болуп Кыргыз Республикасындагы Пакистан Ислам Республикасынын Элчилиги жана/же Пакистан Ислам Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан дайындалган өкүл эсептелет.
3-берене. Жалпы жоболор
4. Ушул Макулдашуу Кабыл алуучу Тараптын аскердик окуу мекемелеринде аскер кызматчылардын билим алуусунун шарттарын жана тартибин аныктайт.
5. Аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтык Тараптардын кызыкчылыктарына жана керектөөлөрүнө ылайык ишке ашышы керек.
4-берене. Аскер кызматчыларга талаптар
6. Билим алууга кетип жаткан Жиберүүчү Тараптын аскер кызматчылары Кабыл алуучу Тараптын чакыруусунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келиши керек.
5-берене. Аскердик билим берүүнү уюштуруу
7. Окутуу Кабыл алуучу Тараптын аскердик окуу мекемелеринде кабыл алынган окуу пландарында жана программаларда каралган мөөнөттө жана адистиктер боюнча англис тилинде жүргүзүлөт.
8. Аскер кызматчылардын практикалык сабактары окуу программаларына ылайык өткөрүлөт. Жиберүүчү Тараптын аскер кызматчылары Кабыл алуучу Тараптын аскер кызматчылары менен биргеликте практикалык окууларга катышат.
9. Аскердик билим берүү бүткөндө, Кабыл алуучу Тарап аныктаган жана Жиберүүчү Тарап жактырган жол жоболорго ылайык, аскер кызматчылар диплом жана артыкчылык белгилерин алышат.
6-берене. Финансылык шарттар
10. Ар бир Тарап ушул Макулдашууга байланышкан өзүнүн административдик чыгымдары үчүн жоопкерчиликте болот. Чыгымдарга үлүштүк катышуу кошумча макулдашууда айтылышы керек, ал ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
11. Чыгымдарды төлөө үчүн жана башка финансылык жол жоболор үчүн жоопкерчилик Тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталышы керек.
12. Ушул Макулдашуу менен каралбаган жагдайларда ар бир Тарап өзүнүн аскер кызматчылары үчүн акчалай камсыздоонун, жол жүрүүсүнүн чыгымдарын өзү төлөйт.
7-берене. Кабыл алуучу тараптын укуктары жана милдеттери
Кабыл алуучу Тарап:
13. Жиберүүчү Тарапты берилген орундардын саны жана талапкерлерге болгон талаптар жөнүндө окуу башталганга чейин 6 (алты) ай калганча кабарлайт.
14. Аскер кызматчыларды жайгаштырууну жана окууга кабыл алуу үчүн чакыруу менен камсыздайт.
15. Аскердик окуу жайларынын окуу пландарына жана программаларына ылайык окуунун башталышы жөнүндө билдирет.
16. Жиберүүчү Тараптын аскер кызматчыларына акысыз негизде төмөнкүлөрдү берет:
- окутуу;
- жашай турган жер жана тамак-аш;
- аскердик ооруканаларда медициналык тейлөө (оор операциялардан жана өнөкөт оорулары менен аскер ооруканасына жаткыруудан тышкары);
- окуу куралдар жана адабияттар;
- өлкөнүн ичинде жол жүрүү жана саякаттар;
- Кабыл алуучу Тараптын аскердик окуу мекемелерине тапшырганда окуу ордуна жана кайтып келүүдөгү жана окуу бүткөндө жолунун чыгымын.
17. Аскер кызматчылардын ар бир категориясына белгиленген эсеп менен улуттук валютада аскер кызматчыларга стипендия төлөйт.
18. Эгерде курстук окутуунун мөөнөтү бир жылдан ашык болсо, окутуу мезгилинде аскер кызматчыларын тийиштүү кийим формасы менен камсыздайт. Муну менен аскердик формада Жиберүүчү Тараптын улуттук айрыма белгиси болуш керек.
19. Окуу программасын аткарбаган же медициналык көрсөткүчтүн же тартип бузуунун негизинде окууну улантууга жараксыз деп табылган Жиберүүчү Тараптын аскер кызматчылары өлкөгө кайтарылат. Кабыл алынган чечим жөнүндө Жиберүүчү Тарапка билдирилет.
20. Жыл сайын Кабыл алуучу Тарап Жиберүүчү Тарапка аскер кызматчылардын окуусунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берет.
21. Кабыл алуучу Тарап Кабыл Алуучу Тараптын аскер кызматчыларынын бир жылда бир жолу каникулдагы учуусун камсыздайт. Кыска мөөнөттүү өргүү зарыл болгон учурда аскер кызматчы өзү төлөйт.
22. Аскер кызматчылар алардын аскердик окуу мекемелердеги окуусу менен байланышпаган жана окуу программасынын чегинен чыккан тапшырмаларды аткарууга тартылбайт.
23. Кабыл алуучу Тарап, Кабыл алуучу Тараптын аймагында аскер кызматчынын каза болгондугунун же майыптыгынын себеби жөнүндө бардык маалыматты Жиберүүчү Тарапка берет, ошондой эле Жиберүүчү Тараптын аймагына сөөктү кайтаруу үчүн кайтарымсыз негизде бардык чараларды кабыл алат.
8-берене. Жиберүүчү тараптын укуктары жана милдеттери
Жиберүүчү Тарап:
24. Кабыл алуучу Тараптын талаптарына ылайык талапкерлерди тандоону жүргүзөт. Аскер кызматчылардын саны Кабыл алуучу Тарап сунуш кылган орунга ылайык аныкталат.
25. Кабыл алуучу Тарапка аскер кызматчылардын тизмесин жана Кабыл алуучу Тарап талап кылган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн окуу башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен берет.
26. Визалык колдоо үчүн аскер кызматчыларды керектүү документтер менен камсыздайт.
27. Кабыл алуучу Тараптын аскердик окуу мекемелеринде окуп жаткан убакта аскер кызматчыларды төмөнкүлөргө милдеттүү кылат:
- Кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарын сактоого жана алардын каада-салтын урматтоого;
- Кабыл алуучу Тараптын аскердик окуу мекемелеринин тартип эрежелерин сактоого;
- окууга тиешеси жок кандайдыр бир ишмердүүлүккө катышпоого.
9-берене. Жашыруун маалыматтын сакталышын камсыздоо
28. Тараптар аскер кызматчылардын коопсуздугун сактоодон тышкары, аскер кызматчыларга жеткиликтүү болгон расмий маалыматтардын, документтердин жабдуулардын жана мүлктөрдүн сакталышын камсыздоо боюнча керектүү бардык чараларды кабыл алууга милдеттенме алышат.
29. Аскер кызматчылар Кабыл алуучу Тараптын, окуу мезгилинде пайдаланылышы мүмкүн болгон жашыруун маалыматтардын, жашыруун документтердин жана материалдардын сакталышын камсыздоо боюнча талаптарын аткарышы керек.
10-берене. Юрисдикция жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу
30. Тараптар мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселелери жана юрисдикция боюнча төмөнкү принциптерди жетекчиликке алышат:
- аскер кызматчы тарабынан укук бузуу болсо, ал Жиберүүчү Тараптын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат;
- эгерде билим алып жаткан аскер кызматчынын күнөөсү боюнча Кабыл алуучу Тараптын мүлкүнө зыян келтирилсе же жоготуу болсо Жиберүүчү Тарап мүлктү калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон чыгымдын ордун толтуруп берет. Ал Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон актынын негизинде жүргүзүлөт.
11-берене. Талкуулоо
31. Ушул Макулдашууну талкуулоодо жана ишке ашырууда келип чыккан талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөрдү жана Тараптардын ортосундагы кеңешмелерди өткөрүү жолу менен чечилет.
12-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
32. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Ал өзүнчө протоколдо иштелип чыгат жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
13-берене. Корутунду
33. Ушул Макулдашуу, Тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу түрүндөгү акыркы билдирүүнү алган күн-айдан баштап күчүнө кирет.
34. Ушул Макулдашуу 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири тийиштүү мезгилдин бүтөөрүнө алты ай калганга чейин, Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн каалоосун жазуу түрүндө экинчи Тарапка билдирбесе, автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мөөнөткө узартылат.
35. ____-жылдын ___-___________________ ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде 3 түп нускада бүткөрүлдү, бардык тексттер акыйкаттуу. Ушул Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо пикир келишпестиктер болгон учурда Тараптар англис тилиндеги тексти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү үчүн |