Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-марты № 81-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуп өтө турган, ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын 69-жыйынына (2011-жылдын 29-30-марты) жана Мамлекеттер аралык «ЕврАзЭСке мүчө-мамлекеттердин уран казуучу өндүрүштүн таасири тийген аймактарын рекультивациялоо» максаттуу программасынын долбоору жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин 2012-жылга бюджетинин долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө (2011-жылдын 28-марты) катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Усупов Үсөн Макаевич**
| - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү, |
Айталиев Анаркул Максутович** | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттигинин директорунун орун басары,
|
Сыдыгалиев Ринат Болотбекович* | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти,
|
Урустемов Сейилбек Асанбекович* | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономикалык башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча),
|
Ниязалиев Замир Узакович* | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын статистика, анализ жана болжолдоо башкармалыгынын начальниги,
|
Көчкөнов Казыбек Маматкасымович* | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин биринчи катчысы,
|
Кубенов Нурлан Кутанович* | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин экинчи катчысы. |
2. Аталган жыйындарга делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
* ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын жыйынына катышуу (командировканын мөөнөтү 2011-жылдын 28-30-марты).
** ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын жыйынына жана Мамлекеттер аралык «ЕврАзЭСке мүчө-мамлекеттердин уран казуучу өндүрүштүн таасири тийген аймактарын рекультивациялоо» максаттуу программасынын долбоору жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин 2012-жылга бюджетинин долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө (командировканын мөөнөтү 2011-жылдын 27-30-марты) катышуу.
Премьер – министри | А.Атамбаев |