РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы № 81-б (ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын 69-жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы бекитүү тууралуу) буйругу

Редакция28.03.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 28-марты № 81-б

Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуп өтө турган, ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын 69-жыйынына (2011-жылдын 29-30-марты) жана Мамлекеттер аралык «ЕврАзЭСке мүчө-мамлекеттердин уран казуучу өндүрүштүн таасири тийген аймактарын рекультивациялоо» максаттуу программасынын долбоору жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин 2012-жылга бюджетинин долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө (2011-жылдын 28-марты) катышуу үчүн:

 

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:

 

Усупов Үсөн

Макаевич**

 

- Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү,

Айталиев Анаркул

Максутович**

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттигинин директорунун орун басары,

 

Сыдыгалиев Ринат

Болотбекович*

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти,

 

Урустемов Сейилбек

Асанбекович*

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономикалык башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча),

 

Ниязалиев Замир

Узакович*

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын статистика, анализ жана болжолдоо башкармалыгынын начальниги,

 

Көчкөнов Казыбек

Маматкасымович*

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин биринчи катчысы,

 

Кубенов Нурлан

Кутанович*

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин экинчи катчысы.

 

2. Аталган жыйындарга делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

* ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын жыйынына катышуу (командировканын мөөнөтү 2011-жылдын 28-30-марты).

** ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын жыйынына жана Мамлекеттер аралык «ЕврАзЭСке мүчө-мамлекеттердин уран казуучу өндүрүштүн таасири тийген аймактарын рекультивациялоо» максаттуу программасынын долбоору жана Евразиялык экономикалык шериктештиктин 2012-жылга бюджетинин долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө (командировканын мөөнөтү 2011-жылдын 27-30-марты) катышуу.

 

Премьер – министри

А.Атамбаев