Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-марты № 82-б
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле жаздык арпанын жогорку түшүмдүү үрөндөрүнүн сортторун жаңылоо жана сортторун алмаштыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен бирдикте:
- Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынан гуманитардык жардам катары келүүчү жаздык арпанын 1,0 миң тонна көлөмдөгү үрөнүн убактылуу сактоого кабыл алууну уюштурсун;
- товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык, облустук жана райондук комиссиялардын тизмелерине ылайык жаздык арпанын үрөнү алуучуларга өз убагында берилишин камсыздасын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жаздык арпанын үрөнүн кабыл алууга, бөлүштүрүүгө жана таратууга контролду;
- үрөндү кабыл алуу, сактоо жана берүү процессинде үрөндүн сапатына лабораториялык контролду, ошондой эле анын сапатын сактоо боюнча иштин уюштурулушун.
3. Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- жаздык арпанын үрөнүн алуучулардын - арпанын суперэлита жана элита сортторун алуучулардын - мамлекеттик карыз каражаттар боюнча бересеси жок субъекттердин - үрөн чарбалардын жана биринчи репродукциясындагы үрөн алуучулардын - үрөнчүлүк жана дыйкан чарбалардын тизмелерин себүүчү аянттарына тыкыр ылайыктоо менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине 2011-жылдын 1-апрелине чейин, Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссияда бекитүү үчүн беришсин;
- жаздык арпанын үрөнүн райондук борборлорго жеткирүүнү камсыздашсын;
- алуучулар жаздык арпанын үрөнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларынан өздөрү алып кетишин уюштурушсун жана анын 2011-жылдын 10-апрелине чейин бүткөрүлүшүн камсыздашсын;
- жаздык арпанын үрөнү түрүндө берилчү товардык-материалдык ресурстун максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайра берилишин камсыздашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд:
- жаздык арпанын үрөнүн процентсиз товардык кредит катары алуучулар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык Айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө бөлүнчү товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссияда бекитилген тизменин негизинде кредиттик жана күрөөлүк келишимдерди өз убагында тариздөөнү камсыздасын;
- үрөн чарбалардын жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн товардык кредиттерди жаздык арпанын "Мамлюк", "Виконт", "Рубикон", "Ратник" жана "Приазовский 9" сортторунун тийиштүү репродукциядагы үрөндөрү менен кайра беришин же ушул буйрук менен белгиленген баалар боюнча 2012-жылдын 15-февралына чейин төлөшүн камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкүлөрдү кошумча каржыласын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун - жаздык арпанын үрөнүн кабыл алуу жана берүүгө байланыштуу документтерди тариздөөгө, үрөндү жеткирүүгө жана жүктөө-түшүрүү иштерине байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн;
- облустук мамлекеттик администрацияларды - жаздык арпанын үрөнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган баалар боюнча райондук борборлорго жеткирүүгө кеткен чыгымдарынын ордун толтурууга;
- "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башка өлкөлөрдүн темир жол администрацияларына таандык эгин ташыгычтардын келишине акы төлөө боюнча чыгымдарын жабууга, бул ишкана берген документтерге ылайык.
6. Жаздык арпанын россиянын селекциясындагы "Мамлюк", "Виконт", "Рубикон", "Ратник" жана "Приазовский 9" сортторунун 1 кг үчүн баасы товардык кредиттерди берүүнү тариздөө үчүн төмөнкүдөй белгиленсин:
- суперэлита - 24 сом 50 тыйын;
- элита - 17 сом 50 тыйын;
- биринчи репродукциясы - 12 сом 60 тыйын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер – министри | А.Атамбаев |