Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 7-апрели № 104-б
«Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч айлык мөөнөттө Мыйзамдын жаңы редакциясынын тиешелүү долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
«Кыргызстандагы базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
«Жабдуучулар (чыгаруучулар жана дистрибьютерлер) ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
«Кыргызстандын ишкерлер союзу» юридикалык жактардын бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын укуктук бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
«ВИГЕНС» керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча борбор» коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
«Айкын» керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).