Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 33-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 7-апрели № 107-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 333-б буйругунун редакциясына ылайык)
"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине үч жылдык мөөнөткө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында Бишкек шаары, Чүй проспекти, 114 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имараттагы аянты 35,4 кв.м болгон, № 301 кабинетти бекитип берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № 333-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |