Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 29-январы № 33-б
"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана анын иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы белгиленген тартипте "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында үч жылдык мөөнөткө Бишкек шаары, Чуй проспекти, 114 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имаратгагы 35,4 кв.м аянты менен № 301 кабинетти бекитип берсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 107-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июлундагы № ЗЗЗ-б буйругу.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |