Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 25-октябрындагы № 148-р буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 30-апрели УӨ № 298
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү кабыл алуучу чечимдердин сапаты менен натыйжалуулугун жогорулатуу жана анын декреттеринин долбоорлорунун жарандык коом тарабынан укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана коррупцияга каршы экспертизадан өткөрүлүшүн камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттеринин долбоорлорун экспертизадан өткөрүү боюнча коомдук комитет (мындан ары - Коомдук комитет) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттеринин долбоорлору Коомдук комитет тарабынан милдеттүү түрдө укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана коррупцияга каршы экспертизадан өтүүгө тийиш экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Ө.Ч.Текебаев өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча Коомдук комитеттин жеке курамын үч күндүк мөөнөттө бекитсин.
Коомдук комитеттин мүчөлөрүнүн (эксперттеринин) иши коомдук башталышта жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттеринин долбоорлорун укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана коррупцияга каршы экспертизадан өткөрүү ушул тескеменин жоболорун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 75-IV токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзамдардын долбоорлорун адистештирилген экспертизалардын айрым түрлөрүнөн өткөрүү боюнча стандарттар менен каралган талаптарга ылайык жүзөгө ашырылары белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты декреттердин долбоорлорун экспертизадан өткөрүү үчүн Коомдук комитетке милдеттүү түрдө берсин.
Экспертизадан өткөрүү үчүн мөөнөт - декреттин долбоору Коомдук комитетке келип түшкөн күндөн тартып бир күндөн ашык эмес. Зарыл болгондо экспертизадан өткөрүү үчүн мөөнөт Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча үч күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
6. Декреттин долбоору Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна Коомдук комитеттин эксперти жана жетекчиси кол койгон Коомдук комитеттин корутундусу болгондо гана киргизилиши мүмкүн экендиги белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Э.С.Каптагаев Коомдук комитетке Кыргыз Ресиубликасынын Жогорку Кеңешинин имаратынан жай берүү жана анын ишин материалдык-техникалык камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди үч күндүк мөөнөттө чечсин.
8. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Ө.Ч.Текебаевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |