Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-январы № 12
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кара-Кулжа, Сокулук, Базар-Коргон, Токтогул жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа, Сокулук, Базар-Коргон, Токтогул жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу токтомдорунун 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттары боюнча бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп табылсын.
(*) "Токтом МБ эскертүүсү": Түп нускада текст жок.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| |||
| ||||
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
1 | Кызыл-Жар айылдык | Бакашов Чынали Амангелдиевич | Өз арызы | № 271, 26.12.2016-ж. |
2 | Сары-Булак айылдык | Дүйшеев Жыргалбек Жунусович | Өз арызы | № 271, 26.12.2016-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
3 | Крупская айылдык | Джолдошов Адилет Бекболотович | Өз арызы | № 276, 28.12.2016-ж. |
4 | Кызыл-Туу айылдык | Касымбеков Руслан Касымбекович | Өз арызы | |
5 | Толубаев Мухиддин Арзидинович | Өз арызы | ||
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
6 | Кеңеш айылдык | Омурзаков Рахман Бакирович | Өз арызы | № 261, 24.12.2016-ж. |
Токтогул району | ||||
7 | Токтогул шаардык | Сыргабаев Ормонбек ("Замандаш-Современник" саясий партиясы) | Өз арызы | № 64, 24.04.2014-ж. |
Ала-Бука району | ||||
8 | Ала-Бука айылдык | Маллабаев Садиридин Инамидинович | Өз арызы | № 261, 24.12.2016-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 18-январындагы № 12 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
1 | Кызыл-Жар айылдык | Эрмекбаев Медербек Арстанбекович | Кызыл-Жар айылы, Сагындык орто мектеби, мугалим | № 12, 9.01.2017-ж. |
2 | Сары-Булак айылдык | Каримжанов Акылбек Абдижалилович | К.Чаргынов атындагы орто мектеп, мугалим | № 13, 17.01.2017-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
3 | Крупская айылдык | Ишенов Данияр Сатыбалдиевич | "Түндүкэлектро" ААК, электромонтер | № 39, 12.01.2017-ж. |
4 | Кызыл-Туу айылдык | Имангалиев Иса Асейнович | "Улан" дыйкан чарбасы, башчы | № 40, 13.01.2017-ж |
5 | Джунушбаев Бакыт Бейшенбекович | "Манас" ААК, айдоочу | ||
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
6 | Кеңеш айылдык | Тиленбаев Туралы Абдыкадырович | "Залкар энерго-строй" ЖЧК, башкы инженер | № 16, 26.12.2016-ж. |
Токтогул району | ||||
7 | Токтогул шаардык | Дөөлөтбеков Максатбек Кошукеевич ("Замандаш-Современник" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | № 1, 9.01.2017-ж. |
Ала-Бука району | ||||
8 | Ала-Бука айылдык | Сарибаев Зафаржон Икромжанович | "Кочкорбай" дыйкан чарбасы, мүчө | № 2, 16.01.2017-ж. |