Редакцияот 20.05.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 20-майы УӨ № 363

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-майындагы № 39 Декретине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жоюлган Мамлекеттик күзөт кызматынын айрым функциялары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлгөнүнө байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басарынын - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын 9-башкы башкармасынын начальнигинин кызмат орду кошумча түзүлсүн.

2. Кошумча түзүлүүчү кызмат орунду каржылоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын эмгек акы төлөө фондунун эсебинен ишке ашырылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.

 

            Кыргыз Республикасынын

            Убактылууу Өкмөтүнүн

            Төрагасы

 

 

Р.Отунбаева