Редакцияот 31.05.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 31-майы № 402

А.Р.Молдобаев жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 жана 2010-жылдын 19-майындагы Декреттерине ылайык:

Молдобаев Асылбек Раимович берген рапортуна ылайык 2010-жылдын 16-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Соттолгондорду жана камакка алынгандарды коргоо жана коштоп жүрүү боюнча департаментинин начальниги кызматынан бошотулсун.

 

            Кыргыз Республикасынын

            Убактылууу Өкмөтүнүн

            Төрагасы

 

 

Р.Отунбаева