Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 3-майы № 152-б
Казакстан-кыргыз өкмөттөр аралык кеңешинин 2009-жылдын 16-июнундагы биринчи жыйынынын протоколунун 2.5-пунктуна ылайык:
1. Тиркемеге ылайык Кыргыз-казакстан өкмөттөр аралык кеңешинин курамында чек ара жанындагы кызматташуу боюнча чакан комиссиянын кыргыз бөлүгү түзүлсүн.
2. Чек ара жанындагы кызматташуу боюнча чакан комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн тең төрагасына белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, чакан комиссиянын тең төрагасы.
Чакан комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги департаментинин экинчи катчысы;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин кол башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директору;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси;
- Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
- Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
- Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары.