РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы № 159-б (КМШнын 20 жылдыгына арналган Эл аралык көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын даярдык көрүүсү жана катышуусу боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилүү боюнча) буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 12-майы № 159-б

2011-жылдын 28-июну-3-июлунда Москва шаарындагы (Россия Федерациясы) Бүткүл Россиялык көргөзмө борборунун аймагында "КМШга 20 жыл: өнөктөштүктүн жаңы бийиктиктерине карай" деген аталышта Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) 20 жылдыгына арналган Эл аралык көргөзмөнү өткөрүүгө байланыштуу:

1. КМШнын 20 жылдыгына арналган Эл аралык көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын даярдык көрүүсү жана катышуусу боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - уюштуруу комитети) курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Уюштуруу комитети:

- КМШнын 20 жылдыгына арналган Эл аралык көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын даярдык көрүүсү жана катышуусу боюнча иш-чаралардын планын бир жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;

- КМШнын 20 жылдыгына арналган Эл аралык көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын даярдык көрүүсү жана катышуусу боюнча иш-чаралардын планына ылайык Кыргыз Республикасынын ишкер жана маданий программасын даярдасын.

3. Уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү милдетин тапшыруу менен "Кыргызстан-соода үйү" ачык акционердик коому (мындан ары - "Кыргызстан-соода үйү" ААК) Кыргыз Республикасынын көргөзмө оператору болуп аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган көргөзмөнү уюштуруусу жана катышуусу боюнча Кыргыз Республикасынын көргөзмө операторунун чыгымдарын төлөө үчүн 2011-жылдын республикалык бюджетинде каралган "Туризм" бөлүмүнүн "Башка кызматтарды алуу" беренеси боюнча 2-тиркемеге ылайык 5 млн. (беш миллион) сом өлчөмүндөгү каражатты Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин колдонуусуна уруксат берилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "2011-жылга республикалык бюджет жана 2012-2013-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган "Туризм" бөлүмүнүн "Башка кызматтарды алуу" беренеси боюнча көрсөтүлгөн 5 млн. (беш миллион) сом суммасындагы каражатты Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине тез арада бөлүп берсин.

6. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги "Кыргызстан-соода үйү" ААКсы менен 2011-жылдын 28-июну-3-июлунда Москва шаарынын (Россия Федерациясы) Бүткүл Россиялык көргөзмө борборунун аймагындагы № 75 павильонунда КМШнын 20 жылдыгына арналган Эл аралык көргөзмөнү уюштуруу боюнча көргөзмө операторунун кызмат көрсөтүүсү жөнүндө контракт түзсүн.

7. Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиокорпорациясына КМШнын 20 жылдыгына арналган боло турган Эл аралык көргөзмө жөнүндө жарыяны берүү үчүн акысыз убакыт берүү сунушталсын.

8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жана финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө тапшырылсын.

 

            Премьер-министр

А.Атамбаев

 

 

1-тиркеме

 

КМШнын 20 жылдыгына арналган Эл аралык көргөзмөгө

Кыргыз Республикасынын даярдык көрүүсү жана

катышуусу боюнча уюштуруу комитетинин

КУРАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Бишкек шаарынын мэри;

Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;

Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;

Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;

Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;

Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;

Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;

Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр-жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз ресурстары" мамлекеттик ишканасынын директору;

Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борборунун директору;

"Кыргызстан-соода үйү" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).

 

 

2-тиркеме

 

Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2011-жылдын

28-июну-3-июлунда болучу "КМШга 20 жыл: өнөктөштүктүн

жаңы бийиктиктерине карай" деген аталышта Көз карандысыз

Мамлекеттер Шериктештигинин 20 жылдыгына арналган Эл аралык

көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча чыгымдар

СМЕТАСЫ

 

┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐

│     Көргөзмөгө катышууга билдирме-келишим, катышуу наркынын эсеби   │

│                             (рубль менен)                           │

├────────────────────────┬────────────┬─────────┬────────────┬────────┤

│    Көргөзмө аянтын     │1 кв. м үчүн│Стенддин │  Бардыгы   │        │

│       ижаралоо         │   баасы    │ аянты   │            │        │

│                        │            │ (кв.м)  │            │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│Жабдылбаган аянттын     │    7200    │   203   │ 1461600-00 │        │

│берилиши, брутто, кв.м  │            │         │            │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│Стандарттуу курулуш кв.м│    1200    │   203   │  243600-00 │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│Каттоо жыйымдары        │   10000    │    10   │  100000-00 │        │

│(коюлган экспоненттин   │            │         │            │        │

│ар бири үчүн төлөнөт)   │            │         │            │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│Сырттан катышуу         │   10000    │         │            │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│Катышуу наркы төмөнкүнү │ 1805200-00 │         │            │        │

│түзөт                   │            │         │            │        │

├────────────────────────┴────────────┴─────────┼────────────┼────────┤

│                                        КНС 18%│  324936-00 │        │

├───────────────────────────────────────────────┼────────────┼────────┤

│                       Бардыгы, КНСти кошкондо:│ 2130136-00 │        │

├───────────────────────────────────────────────┴────────────┴────────┤

│Берилген электр энергиясын эске алуу менен стенддерди павильондун    │

│электр тармагына кошуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 кошуу үчүн, рубль│

│менен)                                                               │

├────────────────────────┬────────────┬─────────┬────────────┬────────┤

│ Кызматтардын аталышы   │  Баасы 1   │Кошуулар-│Сумма КНСти │        │

│                        │ кошуу үчүн,│дын саны │ камтыбайт, │        │

│                        │  18% КНСти │         │    18%     │        │

│                        │  камтыбайт │         │            │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│5 кВтка чейин           │    3750    │    5    │   18750-00 │        │

├────────────────────────┴────────────┴─────────┼────────────┼────────┤

│                  Катышуу наркы төмөнкүнү түзөт│   18750-00 │        │

├───────────────────────────────────────────────┼────────────┼────────┤

│                                        КНС 18%│    3375-00 │        │

├───────────────────────────────────────────────┼────────────┼────────┤

│                       Бардыгы, КНСти кошкондо:│   22125-00 │        │

├───────────────────────────────────────────────┴────────────┴────────┤

│Транспорттук-экспедитордук кызмат комплекстерин берүүгө билдирме, жүк│

│жеткирүү кызматынын наркы                                            │

├────────────────────────┬────────────┬─────────┬────────────┬────────┤

│                        │ 1 кг үчүн  │  Саны   │  Суммасы   │        │

│                        │   баасы    │         │            │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│Авто жүк ташуу          │            │         │  312500-00 │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│Катышуу наркы төмөнкүнү │  312500-00 │         │            │        │

│түзөт                   │            │         │            │        │

├────────────────────────┴────────────┴─────────┼────────────┼────────┤

│                                        КНС 18%│   56250-00 │        │

├───────────────────────────────────────────────┼────────────┼────────┤

│                       Бардыгы, КНСти кошкондо:│  368750-00 │        │

├───────────────────────────────────────────────┴────────────┴────────┤

│Көргөзмөлүк жүктөрдү (товарлар) бажылык тариздөөгө, билдирме, жүк    │

│жеткирүү кызматынын наркы                                            │

├────────────────────────┬────────────┬─────────┬────────────┬────────┤

│                        │   Баасы    │         │  Суммасы   │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│Убактылуу алып келүүгө  │   54500-00 │         │   54500-00 │        │

│бажылык тариздөө        │            │         │            │        │

├────────────────────────┴────────────┴─────────┼────────────┼────────┤

│                                       Бардыгы:│   54500-00 │        │

├───────────────────────────────────────────────┼────────────┼────────┤

│                       Бардыгы, КНСти кошкондо:│    9810-00 │        │

├───────────────────────────────────────────────┼────────────┼────────┤

│                                       Бардыгы:│   64310-00 │        │

├───────────────────────────────────────────────┴────────────┴────────┤

│Артисттердин маданий программага катышуусу (рубль менен) (Кыргыз     │

│Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 9 артисти жана │

│1 өкүлү)                                                             │

├────────────────────────┬────────────┬─────────┬────────────┬────────┤

│  Космос 4(*) (расмий   │   Баасы    │ Орундар-│  Бардыгы   │        │

│  делегациянын отели)   │            │дын/күн- │            │        │

│                        │            │ дөрдүн  │            │        │

│                        │            │  саны   │            │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│Бир орундуу             │    3500-00 │9/3      │   94500-00 │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│бир орундуу             │    3500-00 │1/5      │   17500-00 │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│9 кишиге суткалык акы   │    1940-00 │9/3      │   52380-00 │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│1 кишиге суткалык акы   │    1940-00 │1/5      │    9700-00 │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│Авиабилеттер:           │   17589,50 │10 чел.  │  175895-00 │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│Башкалар:               │            │         │            │        │

├────────────────────────┼────────────┼─────────┼────────────┼────────┤

│Байланыш кызматы        │    5880,40 │         │            │        │

├────────────────────────┴────────────┴─────────┼────────────┼────────┤

│                                       Бардыгы:│  355855,40 │        │

├───────────────────────────────────────────────┼────────────┼────────┤

│Смета боюнча бардыгы:                          │ 2941176,40 │ Руб/сом│

│                                               │    руб.    │  курсу │

│                                               │            │   1,7  │

│                                               ├────────────┼────────┤

│                                               │ 5000000    │        │

│                                               │   сом.     │        │

└───────────────────────────────────────────────┴────────────┴────────┘

Россия, Москва шаары, Бүткүл Россиялык көргөзмө борбору, № 75 павильон (Көргөзмөнүн жалпы узактыгы - 11 күн. Анын ичинен: 3,5 күнү көргөзмө стенддерин, экспонаттарды монтаждоого жана жасалгалоо иштерине, 6 күнү - көргөзмөгө, 1,5 күнү - стенддерди жыйноого бөлүнгөн).