Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-майы № 185-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди белгилөө жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилдеги тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгортүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевичке аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Индонезия Республикасынын Өкмөтү;
Эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди эске алып;
Кыргызстан жана Индонезиянын дипломатиялык жана кызматтык паспорттуна ээ жарандары үчүн эки өлкөгө тең кирүүсүн жөнөкөйлөтүү аркылуу эки тараптуу мамилелерди мындан ары күчөтүү ниетин билдирип;
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык;
темөндөгүлөр жөнүндө келишимге келишти:
1- БЕРЕНЕ ВИЗАНЫ АЛЫП САЛУУ
Кыргыз Республикасынын жана Индонезия Республикасынын колдонуудагы дипломатиялык же кызматтык паспортуна ээ болгон жарандары экинчи Тараптын кирүү, транзит менен өтүү жана башка тараптардын аймагында жүрүүсү үчүн киргенден тартып 30 күндөн ашпаган мезгилге виза алуу талаптарынан бошотулат.
2- БЕРЕНЕ
ПАСПОРТТУН ЖАРАКТУУЛУК МӨӨНӨТҮ
Ар бир Тараптын мамлекетинин жарандарынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун жарактуулук мөенөтү экинчи Тараптын өлкөсүнө кирген күндөн кеминде 6 (алты) айды түзүшү керек.
3- БЕРЕНЕ БЕРЕНЕ ВИЗАЛЫК ЧЕКТӨӨ
Ар бир Тараптын колдонуудагы дипломатиялык же кызматтык паспортторунун ээлери бул Макулдашуу боюнча компетенттүү органдардын уруксаты менен, дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерине колдонулуучу коопсуздук, миграция, бажы жана санитардык ченемдер жөнүндө жободогу талаптардан тышкары эч кандай чектөөлөрсүз кирүүгө, жүрүүгө жана каалаган жеринен тиешелүү өлкөгө чыгып кетүүгө укуктуу болот.
4-БЕРЕНЕ
ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖАНА КОНСУЛДУК
МЕКЕМЕЛЕРДИН МҮЧӨЛӨРҮ ҮЧҮН ВИЗА
Тараптын колдонуудагы дипломатиялык же кызматтык паспортторго ээ жарандары экинчи Тараптын өлкөсүнүн аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн же консулдук мекемелердин мүчөлөрү тарабынан ушул Макулдашуунун 1-бересинде көрсөтүлгөндөй алардын үй-бүлө мүчөлөрү дагы ("үй-бүлө мүчөлөрү" термини күйөөсүнө/аялына жана ата-энесинин колундагы, иштеген иши жок, үйлөнө элек/турмушка чыга элек 25 жашка чейинки балдарына жана көз каранды ата-энелерине тиешелүү) экинчи Тараптын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде кирүү алдында кирүү визасын алуусу керек.
5-БЕРЕНЕ БАШ ТАРТУУ УКУГУ
Ар бир Тарап ез аймагына кирүүдө экинчи Тараптын жар уруксат берүүдөн баш тарта алат же аймакта туруу мөөнөтүн кыскартууга. жана бул Макулдашуунун алкагында визадан бошотуудап алып салууга укуктуу, эгерде жарандын кирүүсү жана аймакта туруусуна каршы болсо.
6- БЕРЕНЕ РАСМИЙ ОРГАНДЫН УКУГУ
1. Бул Макулдашууда Тараптардын жарандарынын башка Тараптын аймагына кирүүсүндө ал Тараптын мыйзамдарын жана эрежелерин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын аймакка кирүү, чыгуу жана туруу мыйзамдарын да сактоо милдетинен бошотуу каралган эмес.
2. Макулдашууда эки Тараптын тең ички коопсуздугуна жана чет өлкөлүк жарандардын кирүү, чыгуу жана аймакта туруусуна же жер которуусуна тиешелүү колдонулуудагы мыйзамдарын же ченемдик документтери талдоого алынбайт.
7-БЕРЕНЕ
КИРҮҮ ЖАНА ЧЫГУУ КӨЗӨМӨЛ-ӨТКӨРМӨ ЖАЙЫ
Тараптардын мамлекеттеринин дипломатиялык же кызматтык паспортуна ээ жарандары экинчи Тараптын өлкөсүнүн аймагынан эл аралык жүргүнчүлөр үчүн ачылган көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу киришет жана чыгышат.
8- БЕРЕНЕ
АРАКЕТТЕРДИ ТОКТОТУУ
1. Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун ишин толугу менен же айрын бөлүмдөрүн улуттук коопсуздук, коомдук тартип же коомдук саламаттык сактоо себептери боюнча убактылуу токтото алат.
2. Ар бир Тарап бул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттин башталышы жана токтотулушу жөнүндө тез аранын ичинде дипломатикалык каналдар аркылуу кабардар болушу керек.
9 -БЕРЕНЕ
ПАСПОРТТУН ҮЛГҮСҮ ЖАНА ПАСПОРТТОРДУ ЖЕ ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ДОКУМЕНТТЕРИН БЕРҮҮ
1. Тараптар бул Макулдашууга кол коюлган күндөн баштап отуз (30) күн ичинде динломатиялык каналдар аркылуу колдонулуучу дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун үлгүлөрүн алмашат.
2 Колдонулуудагы паспортторго езгөртүүлөр киргизилсе же жаңы дипломатиялык жана кызматтык паспорттор колдонууга киргизилсе Тараптар алардын колдонууга киришине отуз (30) күн калганга чейин дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө бири-бирине билдиришет
3. Тараптын жараны башка Тараптын аймагында дипломатиялык же кызматтык паспортун жоготуп жиберсе же булгап алса, өз мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери аркылуу тез аранын ичинде келген мамлекеттин компетенттүү органдарына билдирет. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери өз мамлекетинин мыйзамына ылайык ал жарандарга жарандуулугу тиешелүү мамлекетке кайтуусу үчүн тийиштүү документ берет.
10- БЕРЕНЕ
ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ ТАРТИБИ
Макулдышууну талкуулоодо же пайдаланууда келип чыккан кайчы пикирлер Тараптар ортосунда тынчтык жолу менен консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
11-БЕРЕНЕ
ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ
Бул Макулдашуу Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуусу аркылуу езгертүлүшү же кайра каралышы мүмкүн. Мындай өзгөртүү же кайра кароо ушул Макулдашуунун 12-беренесинин 1-пунктуна ылайык күчүнө кирет жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
12-БЕРЕНЕ
КҮЧҮНӨ КИРҮҮ, ИШТӨӨ МӨӨНӨТҮ ЖАНА ТОКТОТУЛУШУ
1. Бул Макулдашуу Тараптардын ар бири экинчисине жиберген дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн ички талаптар аткарылгандыгы жөнүндө акыркы билдирүүнү алгандан кийин 30 (отуз) күндөн соң күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу 5 (беш) жыл ичинде өз күчүндө болот жана Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуусу менен кийинки 5 (беш) жылга узартылышы мүмкүн, бул Тараптардын бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу Макулдашууну токтотууга кеминде 3 (үч) ай калганда жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүү аркылуу ушул Макулдашууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонууда болот.
Ушуларды ырастоо менен, Тараптардын Өкмөттерүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Макулдашууга кол коюшту.
Макулдашуу ______________ шаарында 20________ -жылдын
"__"________ эки нускада кыргыз, Индонезия жана англис тилдеринде түзүлдү жана ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ. Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо кайчы пикирлер келип чыкса, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ.