Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 26-майы № 187-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан мурда бөлнүнгөн 649 764 (алты жүз кырк тогуз миң жети жүз алтымыш төрт) сом суммасындагы үнөмдөлгөн финансылык каражатты тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдарын жабууга жумшоого уруксат берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Тиркеме
№ | Чыгымдардын аталыштары | Сумма (сом) |
1 | Францияга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ш.Е.Атахановдун иш сапарына байланыштуу тери жана кийиз паннолорду сатып алуу, ошондой эле иш сапарлар менен жумушчу сапарларды өз убагында камсыздоо үчүн сувенир фондун толуктоо | 360439 |
2 | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кабинети үчүн парда, тюл жана бандо тигүү | 104499 |
3 | Чоң жана Кичине залдардын пардаларын химиялык тазалоо жана тюл тигүү | 101674 |
4 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Автотранспорттук бирикмеси үчүн алкотестерди сатып алуу | 83152 |
|
| 649764 |