Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 1-июну № 197-б
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын алдындагы Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 500-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын алдындагы Илимий-техникалык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология илимий-изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин инженердик-геологиялык партиясынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы Кыргыз жер титирөөгө туруктуу курулуш илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана кенди өздөштүрүү илимий-изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаментинин директору;
Борбордук Азия Жерди изилдөө институтунун тең директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын геология илимий-изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин атайын бөлүк, мобилизациялык резерв жана жарандык коргоо жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Геоприбор" илимий-инженердик борборунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз-Россия Славян университетинин "Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу" кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча).
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 197-б буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Иштин негизги багыттары
3. Укуктары жана милдеттери
4. Ишти уюштуруу
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын алдындагы Илимий-техникалык кеңештин (мындан ары - Илимий-техникалык кеңеш) ишинин тартибин жана аны уюштурууну аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Илимий-техникалык кеңеш жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу маселелери боюнча илимий институттар жана Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы кызматташууну чыңдоо үчүн түзүлгөн эксперттик-кеңешүүчү орган болуп эсептелет.
2. Илимий-техникалык кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Илимий-техникалык кеңеш Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдары, ошондой эле эл аралык, коомдук уюмдар жана жеке секторлор менен өз ара аракеттенип иш жүргүзөт.
2. Иштин негизги багыттары
4. Илимий-техникалык кеңештин негизги багыттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- экологиялык, анын ичинде трансчек аралык мүнөздөгү аварияларды болтурбоого багытталган Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча долбоорлорду жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдардын, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин ишин координациялоо;
- жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен илимий институттар жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдарынын ортосундагы иштерди координациялоо механизмин өркүндөтүү;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жоюу жана аларды каржылоо боюнча сунуш берүү жаатында мамлекеттик илимий-техникалык программаларды түзүүгө катышуу;
- кызыкдар (тараптар) уюмдар менен бирдикте экологиялык, анын ичинде трансчек аралык мүнөздөгү аварияларды болтурбоого багытталган аймактарды коргоо максатындагы биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө катышуу;
- өзгөчө кырдаалдарда башкаруу маселелери менен иштешкен эл аралык уюмдар, финансы институттары жана донор өлкөлөр менен кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери боюнча маалыматтарды жыйноо жана жалпылоо.
3. Укуктары жана милдеттери
5. Илимий-техникалык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилүүчү Илимий-техникалык кеңештин келерки жылга иш-чаралар планын иштеп чыгууга;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, илимий институттардын жана башка тартылган уюмдардын илимий-техникалык сунуштарын угуу жана кароо;
- Ведомстволор аралык комиссиянын сунуштарына жана чечимдеринин долбоорлоруна көз карандысыз экспертиза жүргүзүү, даярдоо үчүн илимий-изилдөө институттардын, долбоорлоо-изилдөөчү жана Кыргыз Республикасынын башка уюмдарынын адистерин тартууга;
- Ведомстволор аралык комиссиянын сунуштарын жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча иштерди координациялоо үчүн зарыл болгон маалыматты жана материалдарды Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон мамлекеттик органдарынан жана илимий институттардан акысыз суроого жана алууга;
- белгиленген тартипте нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун жана Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилүүчү Илимий-техникалык кеңештин ишин жакшыртууга байланышкан маселелер боюнча башка документтерди иштеп чыгууга катышууга.
4. Ишти уюштуруу
6. Илимий-техникалык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Илимий-техникалык кеңештин ишин уюштуруу-техникалык, финансы, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлөт.
7. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы:
- Илимий-техникалык кеңештин ишин жетектейт;
- мамлекеттик жана башка уюмдарга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча мамиледе илимий-техникалык кеңештин атынан чыгат;
- Жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссияга жана Илимий-техникалык кеңешке отчет берет;
- Ведомстволор аралык комиссия кабыл алган чечимдер жөнүндө Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрүнө маалымдайт;
- Илимий-техникалык кеңештин атынан документтерге кол коет.
8. Илимий-техникалык кеңештин ишинин негизги формасы болуп кварталда кеминде бир жолу зарылдыгына жараша өткөрүлүүчү жыйын эсептелет. Илимий-техникалык кеңештин чечими протокол менен таризделет.
Илимий-техникалык кеңештин жыйындарында чечимдер Илимий-техникалык кеңештин жыйындарга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен жөнөкөй добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Илимий-техникалык кеңештин ар бир мүчөсү бир добуш укугуна ээ.
Эгерде Илимий-техникалык кеңештин жарымынан кем эмес мүчөсү катышса жыйын өттү деп эсептелет.
Илимий-техникалык кеңештин жумушчу тилдери болуп мамлекеттик жана расмий тилдер эсептелет.