Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 3-июну № 200-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын ортосунда Кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы № 212-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Федералдык бажы кызматы (Россия Федерациясы),
1994-жылдын 15-апрелиндеги Бажы ишинде кызматташуу жана өз ара жардам тууралуу макулдашууга жана 1994-жылдын 23-ноябрындагы Бажы кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташуу тууралуу макулдашууга негизденип,
бажы кадрларын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча жумушту координациялоо максатка ылайык экенине негизденишип,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1. Россия Тараптын бажы окуу мекемеси (мындан ары - Россия бажы академиясы) жыл сайын Кыргыз Тарап үчүн бөлүнгөн квотага ылайык жана Кыргыз Тарап окууга берген жазуу жүзүндөгү жолдомосунун негизинде Кыргыз Тараптын кызматкерлерин (мындан ары - кызматкерлер) сырттан окуу бөлүмүнө жана Кыргыз Тараптын мамлекетинин жарандарын (мындан ары - жарандар) күндүзгү окуу бөлүмүнө кабыл алат.
2. Кызматкерлерди жана жарандарды кабыл алуу Россия бажы академиясынын кабыл алуу үчүн белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
Россия бажы академиясына кызматкерлерди жана жарандарды кабыл алынгандыгы тууралуу буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Тарапка жөнөтөт.
3. Россия бажы академиясында окутуу бирдиктүү окуу пландары жана программалары боюнча жүргүзүлөт. Мында кызматкерлерге жана жарандарга Россия Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык Россия бажы академиясында окугандардын бардыгы үчүн жалпы белгиленген талаптар коюлат.
4. Россия бажы академиясы ар бир окуу сессиясынын соңунда окуп жаткан кызматкерлеринин жана жарандарынын жетишкендиктери тууралуу маалыматты Кыргыз Тарапка жөнөтөт.
Россия бажы академиясында окуу курсун ийгиликтүү аяктагандарга тийиштүү билим берүү деңгээлине ылайык мамлекеттик үлгүдөгү документ берилет.
5. Окугандар Россия бажы академиясында белгиленген окуу планын жана ички тартип эрежелерин аткарууга милдеттүү.
Окуу планын аткарбагандык, дайыма жетишпегендик же ички тартиптин эрежелерин бузгандык үчүн Россия бажы академиясынын начальниги Кыргыз Тарапка алдын ала кабарлоо менен окугандарды чыгарып салууга укуктуу.
6. Бөлүнгөн квотанын чегинде окууга жөнөтүлгөн кызматкерлерин жана жарандарын окутууга кеткен чыгымдар Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык төлөнөт. Кыргыз Тараптын жолдомосу боюнча Россия бажы академиясында окуган кызматкерлерине жана жарандарына жатакана берилет, анда жашоо үчүн алар өз каражатынын эсебинен төлөшөт.
7. Россия бажы академиясына окууга жөнөтүлгөн кызматкерлерин материалдык камсыздоого, анын ичинде жол киресине жана тамактануусуна кеткен чыгымдарды Кыргыз Тарап жүргүзөт.
Жарандардын Россия бажы академиясында окуган мезгилинде жол киресин, жашоосун, милдеттүү медициналык камсыздандыруу (медициналык камсыздандыруу) полисин алуу жана тамактануусуна кеткен чыгымдар алардын өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
8. Тараптар ортосунда ушул Протоколдун жоболорун талкуулоодо жана аткарууда келип чыккан талаш-тартыштар алардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
9. Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт. Бул протокол ушул Протоколдун аракетин токтотуу ниети жөнүндө бир Тарап экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлаган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
_______________ шаарында 2010-жылдын "____" ______________ ар бири кыргыз жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, эки текст бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Федералдык бажы кызматы
караштуу Мамлекеттик бажы үчүн (Россия Федерациясы)
кызматы үчүн
К.Кулматов А.Бельянинов