Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 3-июну № 202-б
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Венгрия Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы, принципиалдуу эмес мүнөздөгү мүмкүн боло турган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Венгрия Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - Катышуучулар деп аталуучу),
эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилени эске алып,
Катышуучулардын ортосундагы аскер жаатындагы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөнү каалап,
Катышуучулардын ортосундагы түшүнүү жана ишеним рухунда достук мамилени орнотуу, кармоо жана өркүндөтүү боюнча аракеттерге өзгөчө маани берип,
БУУнун Уставынын принциптерин жана максаттарын сактоо милдеттенмелерин далилдеп,
Түндүк-Атлантикалык Келишимге катышуучу мамлекеттер жана 1995-ж. 19-июнда Брюссель ш. кол коюлган "Тынчтык үчүн кызматташтык" программасына катышкан башка мамлекеттер ортосундагы алардын куралдуу күчтөрү боюнча макулдашуунун (ТҮӨ ККС) жоболорун эске алып,
1-берене. Жалпы жоболор
1.1. Катышуучулар, өз ара пайдалуу аскердик кызматташтыкты илгерилетүү жана өнүктүрүү үчүн улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык кызматташат.
1.2. Ушул Макулдашуунун алкагында Катышуучулар ортосундагы аскердик кызматташтык тең укуктуулук жана өз ара пайдалуулук негизинде ишке ашырылат.
1.3. Катышуучулар ортосундагы аскердик кызматташтык, үчүнчү мамлекеттердин кызыкчылыктарына жана коопсуздугуна каршы багытталбайт.
2-берене. Кызматташтыктын чөйрөсү
2.1. Катышуучулардын кызматташтыгы төмөнкү чөйрөлөрдө ишке ашырылат:
а) куралдуу күчтөрдү контролдоо;
б) катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн окуулары жана машыгуулары;
в) мамлекеттин коопсуздук жана коргонуу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу укуктук нормалар, Катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү аскердик кызматтын укуктук нормалары;
г) бюджеттик каражаттарды башкаруу, коргонуу бюджетин пландоо жана аткаруу;
д) жекече курамды башкаруу жана Катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн коомдук коопсуздук тутуму;
ж) аба мейкиндигин контролдоо жана аба кыймылын башкаруу;
з) аскердик-медициналык кызмат;
и) аскердик тарых;
к) аскердик география, метеорология жана топография;
л) маданий жана спорт иш чаралары;
м) эл аралык гуманитардык укук жана тынчтыкты жаратуучу чөйрөдө тажрыйба алмашуу;
н) кризистерди башкаруудагы, жарандык коргонууну пландоочу жана маанилүү объекттерди коргоодогу аскердик аспект;
о) аскердик билим берүү жана даярдоо;
е) курал-жарак, куралдануу тутумдары жана аскердик жабдуу, коргонуу изилдөөлөрү жана аскердик технологиялар, аскердик жабдуулардын оперативдүү шайкештиги.
2.2. Жогоруда аталган чөйрөлөргө кирген кызматташтыктын айрым маселелери жана аскердик кызматташтыктын өз ара макулдашылган башка чөйрөлөр. Катышуучулар ортосунда түзүлгөн өзүнчө келишимдер жана кошумча протоколдор менен жөнгө салынышы мүмкүн.
3-берене. Кызматташтыктын формалары
3.1. Катышуучулардын кызматташтыгы төмөнкү формаларда ишке ашырылат:
3.1.1. расмий визиттер жана эки тараптуу жолугушуулар;
3.1.2. эксперттердин жолугушуулары;
3.1.3. аскердик курстарда жана аскердик-окуу жайларда окуу;
3.1.4. конференциялар, жолугушуулар, семинарлар, тажрыйба алмашуулар, консультациялар;
3.1.5. Атайын макулдашуулардын алкагында маалыматтар жана документтер алмашуу;
3.1.6. Катышуучулардын өкүлдөрүнүн аскердик машыгуулар байкоочулар катары катышуусу;
3.1.7. маданий жана спорттук иш чараларга катышуу.
3.2. Тынчтыкты сактоо боюнча операцияларга байланышкан кызматкерлерди окутуу маселелери жана кызматташтыктын башка багыттары Катышуучулардын өзүнчө макулдашуусунда аныкталат.
3.3. Мындан ары аскердик кызматташтыктын формалары, Катышуучулардын ортосундагы жазуу түрүндөгү макулдашуусу менен аныкталышы мүмкүн.
3.4. Байланышты сактоо жана ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Катышуучулар, аларга баш ийген башка органдарга ыйгарым укук бере алышат.
4-берене. Пландоо
4.1. Катышуучулардын тиешелүү өкүлдөрү мурдагы жылдын 15-октябрынан кечиктирбей, кызматташтыктын жылдык Планына тийиштүү сунуштарын алмашууга жана координациялоого тийиш.
4.2. Кызматташтыктын планы иш чаранын аталышын, датасын жана өтө турган ордун, ошондой эле катышуучулардын санына тиешелүү маалыматты камтышы керек.
4.3. Катышуучулардын өкүлдөрү ар бир келе жаткан ар бир жылга кызматташтыктын жылдык Планын бекитишет. Кызматташтыктын Планына мурдагы жылдын 15-декабрына чейин, кезеги менен (орун алмаштыруунун негизинде), Кыргыз Республикасында жана Венгрия Республикасында кол коюлушу керек. Катышуучулардын макулдугу боюнча кызматташтыктын жылдык Планына дипломатиялык каналдар боюнча кол коюлушу мүмкүн.
5-берене. Каржылоо
5.1. Кызматташтыктын жылдык Планынын иш чараларын өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар, Катышуучулар тарабынан өз аралык принцибинин негизинде чечилет.
5.2. Катышуучу төмөнкүдөй чыгымдарды өзүнө алат:
а) алдын ала аныкталган иш чараларды өткөрүүчү жерге жеткирүү жана кайра алып келүү транспорттук чыгымдарын;
б) күн сайын тамак-аш менен камсыздоону;
в) жол жүрүүгө байланыштуу башка чыгымдарды (кырсык, медициналык камсыз кылуу, виза ж.б.).
5.3. Кабыл алган Катышуучу төмөнкү чыгымдарды өзүнө алат:
а) жайгаштыруу;
б) иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
в) кабыл алган тараптын аймагынын чегинде жүрүү.
5.4. Делегациянын саны 10 адамдан ашык болсо (оркестрлер, артисттердин топтору, спортсмендер), жашап туруусу жана тамактануусуна байланыштуу чыгымдарды Катышуучулардын ортосундагы атайын макулдашуу түзүлгөнгө чейин, катышуучу төлөйт.
5.5. Шашылыш учурларда, кабыл алуучу Катышуучу делегациянын мүчөлөрүнө аскердик-медициналык мекемелерде бекер медициналык жардам жана алгачкы стоматологиялык жардам көрсөтөт. Андан ары дарылоо зарыл учурда, оорулуу Катышуучунун эсебинен кайра жиберилет.
6-берене. Жекеге курамдын статусу
6.1. Жиберүүчү Катышуучунун, кабыл алган Катышуучунун мамлекетинде жүргөн учурда, кабыл алуучу Катышуучунун мамлекеттик мыйзамдарын, укуктук нормаларын, үрп-адаттарын жана салттарын сактайт. Жиберүүчү Катышуучунун кызматкерлери, кабыл алуучу Катышуучунун мамлекетинин коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө зыян алып келген аракеттерди жасатпайт.
6.2. Жиберүүчү Катышуучунун кызматкерлери кабыл алган Катышуучунун мамлекетинде жүргөн мезгилде аскердик тартипти бузганда, жиберүүчү Катышуучунун органдары улуттук аскердик мыйзамдарга ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.
6.3. Катышуучулар, статус маселелеринде ТҮӨ ККС Макулдашуусун жетекчиликке алаарын тастыкташат.
7-берене. Доолор жана жоопкерчилик
Кызматтык максаттарда кабыл алган Катышуучунун мамлекетинде жүргөндө, Катышуучунун кызматкерлери тарабынан башка Катышуучунун менчигине, кызматкерлерине же кызматкерлеринин, менчигин бузуу же денесин залал келтирүү менен учураткандыгына байланыштуу доо арыздар, ТҮӨ ККС Макулдашуусунун 1-беренесинин негизинде 1951-жылдын 19-июнундагы Түндүк-Атлантикалык Келишимге катышуучулар ортосундагы алардын күчтөрүнүн статусуна карата макулдашуунун 8-беренесине ылайык, Катышуучулар тарабынан бирге каралат.
8-берене. Талаш маселелерди чечүү
7.1. Макулдашууну талкуулоого, колдонууга же ишке ашырууга тийиштүү бардык маселелер, келише албастыктар же талаштар, Катышуучулардын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара кеңешмелердин же сүйлөшүүлөрдүн негизинде тынчтык жолу менен жана керек учурда дипломатиялык каналдардын жардамы менен чечилет. Маселелерди, келишпестиктерди же талаштарды чечүү улуттук же эл аралык сотторго, администрациялык юстиция органдарына же үчүнчү тарапка берилбейт.
7.2. Катышуучуну жана үчүнчү тараптын кызыкчылыгын козгогон бардык маселелер, Катышуучу же үчүнчү тарап тарабынан өз ара чечилет. Бирок, Катышуучу башка Катышуучуга үчүнчү тарап менен ушундай маселелерин чечүү үчүн жардам сурап кайрылышы мүмкүн.
9-берене. Корутунду жобо
8.1. Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
8.2. Каалаган катышуучу ушул Макулдашуунун колдонулушун башка Катышуучуга жиберилген жазуу түрүндө билдирүүнүн жардамы менен токтотушу мүмкүн, андан кийин Макулдашуунун аракети аны алгандыгы жөнүндө далил ырасталгандыктан кийин 180-күнү токтотулат.
8.3. Катышуучулардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протокол менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши жана ушул беренеде аныкталган тартипте күчүнө кириши мүмкүн.
Чечмелөөдө эки нускада кол коюлду, ар бири кыргыз, орус, венгр жана англис тилдеринде, мында бардык нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ. Талкуулоодо келишпестиктер келип чыкса, англис тилиндеги вариант артыкчылык күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Венгр Республикасынын
Коргоо министрлиги үчүн Коргоо министрлиги үчүн