РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 220-б (Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург жана коомдук ишмер Бексултан Жакиевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу

Редакция10.06.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 10-июну № 220-б

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург жана коомдук ишмер Бексултан Жакиевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:

1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:

Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Шакиев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри;

Абдылдаев Н.Т. - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор;

Рысбаев Б.К. - Ысык-Көл облусунун Тон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;

Абдувалиев К.С. - Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри;

Саламатов Т.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору;

Оторбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Жусупов К. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);

Шаршенбаев М.С. - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Сүйүндүков А.С. - Кыргыз Республикасынын Кинематографистер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Токтосартов А.Т. - эл аралык "Руханият" ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Осмонов М. - "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору;

Чынгышев Т.Ч. - "Ысык-Көл" коомдук фондунун аксакалдар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Урманаев С.И. - "Ысык-Көл" коомдук фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Абдылдаев А.А. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).

2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдар тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

А.Атамбаев