Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-апрели № 114-б
Мамлекеттик башкаруунун өзгөртүп уюштурулганына байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-б буйругу менен бекитилген Чек ара маселелери боюнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- чектеш мамлекеттер менен чек ара, суу, жер боюнча мамилелерди жөнгө салууну;
- чек ара аймактарын өнүктүрүүнү.";
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Комиссиянын курамына кызмат орду боюнча төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (коргонуу маселесин тейлеген), комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары,
Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси,
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри,
Кыргыз Республикасынын юстиция министри,
Кыргыз Республикасынын финансы министри,
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри,
Кыргыз Республикасынын коргоо министри,
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри,
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри,
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри,
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысы,
Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын директору,
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатору,
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатору,
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатору,
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатору,
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатору,
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатору,
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатору,
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору,
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору, комиссиянын жооптуу катчысы.";
- 7-пункттагы "региондук проблемалар" деген сөздөр "чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер – министри | А.Атамбаев |