Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 20-апрели № 121-б
1. Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясы Королдугунун ортосунда кызматташтык жөнүндө башкы макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 433-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасы жана Сауд Арабиясы Королдугу (мындан ары - Макулдашуучу Тараптар деп аталат),
элдердин ортосундагы достук мамилелерди жана тарыхый байланыштарды чыңдоого, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда экономикалык, соода, инвестициялык, билим, илимий-техникалык, маданий, маалыматтык, туристтик, жаштар жана спорт чөйрөлөрүндө боюнча кызматташуусун өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуп,
өз ара кызматташууну чыңдоодон келип чыккан өз ара пайданы таанып, эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуучу Тараптар эки өлкөнүн юридикалык жана жеке жактарын кошуу менен, эки мамлекеттин жана алардын жарандарынын ортосундагы экономикалык, соода жана инвестициялык кызматташууга көмөк көрсөтөт. Жогоруда белгиленген кызматташуу чөйрөлөрү төмөнкү багыттарды камтыйт - бирок бул чөйрөлөр менен чектелбейт:
1. Экономиканын бардык чөйрөлөрүндө, атап айтканда, өнөр жай долбоорлорунда, мунайзат өнөр жайында, пайдалуу кендерди казуу, мунай-химия тармагы, айыл чарба, мал чарбачылык, туризм жана саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу.
2. Кызматташуунун айкын программаларын ишке ашыруу үчүн керектүү илимий жана техникалык тажрыйбалар менен алмашуу.
2-берене.
1. Макулдашуучу Тараптар эки тараптуу соода мамилелерин кеңейтүүгө жана диверсификациялоого көмөк көрсөтүшөт. Бул максатта Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин ортосунда соода жүргүзүүнү ишке ашырууда айрыкча жагымдуу жагдайды түзүшөт.
Жогоруда каралган жоболор Макулдашуучу Тараптардан эркин соода, бажы союзу, жалпы рынок, өнүгө элек мамлекеттерге берилген атайын артыкчылыктар аймагындагы үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары жана корпорациялары тарабынан салынган инвестициялары үчүн же коңшу өлкөлөргө сооданын, трансчек аралык кыймылдын же экономикалык жана аймактык кызматташуунун башка формасынын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында берилген айрыкча жагымдуу жагдай режиминин жеңилдиктерине тиешелүү эмес.
3-берене.
1. Ар бир Макулдашуучу Тарап өз мамлекеттин аймагында инвестициялоо үчүн экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлорун колдоого алат жана жагымдуу шарттарды түзөт, ошондой эле өз өлкөсүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык келген инвестицияларга жол берет.
2. Макулдашуучу Тараптар өз мамлекеттин аймактарынын чегинде салык милдеттенмелерди төлөгөндөн кийин, капиталды жана кирешелерди кайра кайтарууга болгон эркиндигин, ошондой эле инвестордун капиталынын менчигинен, кирешесинен толук же жарым жартылай ажырашына же кирешесин чыгарып кетүү укугунан ажырашына алып келген кайсыл бир кыймыл-аракеттерди кабыл албоосун кепилдейт. Макулдашуучу Тараптар ушул берененин толук бойдон аткарылбагандыгынын натыйжасында инвесторго зыян келтирилген учурда калыс жана шашылыш компенсациялоону кепилдейт.
3. Макулдашуучу Тараптар Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык инвестициялык долбоорлордун түзүлүшүн колдошот.
4-берене.
Макулдашуучу Тараптар өкмөттүк, мамлекеттик жана жеке секторлор менен бирге, экономикалык, соода жана техникалык кызматташуунун маселелери боюнча делегациялардын ортосунда сапар алмашууларды колдойт.
Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттен өтө турган соода көргөзмөлөргө өз ара катышууга дем берет, ошондой эле керектүү шарттарды камсыз кылат.
5-берене.
Макулдашуучу Тараптар төмөнкү багыттарда кызматташууну колдойт:
1. Өз ара кызыкчылыкты туудурган жааттарында жана илимий-техникалык изилдөөлөргө тиешеси бар маалыматтар менен алмашуу, кызмат адамдардын, илимпоздордун, эксперттердин жана техникалык адистердин сапар алмашуулары, илимий жана техникалык адистердин катышуусу менен жана өз ара кызыкчылыкты туудурган илимий симпозиумдарда жана конференцияларда адистердин катышуусу аркылуу билим, илимий изилдөөлөр, илим жана техника чөйрөлөрүндө кызматташууну.
2. Эл аралык форумдарда позицияларды координациялоо, жаштар жана спорттук ассоциациялардын жана союздардын ортосунда программалар менен алмашуу, жаштар жана спорт иштери боюнча уюмдардын ортосунда сапарлар жана тажрыйбалар менен алмашуу жолдору аркылуу маданият, жаштар жана спорт чөйрөлөрүндө кызматташууну.
3. Программалык жана техникалык жааттардагы коомдук жана жеке маалыматтык мекемелердин ортосунда сапар жана тажрыйбалар менен алмашуу, аудио-визуалдык жана басма сөз материалдар менен алмашуу жана Макулдашуучу Тараптардын мыйзамдарына ылайык фестивалдарда катышуу аркылуу маалымат (аудио-визуалдык жана басма сөз) чөйрөсүндө кызматташууну.
4. Туристтик маалыматтар алмашуу жана эки өлкөнүн жарандары үчүн жеке жана жамааттык туризмди колдоо аркылуу туризм жана аны өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну.
6-берене.
Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматты ушул маалыматты берген Макулдашуучу Тараптын алдын ала жазуу жүзүндө макулдугусуз үчүнчү жакка бербөө тууралуу жана белгиленген гана максаттарда колдонуу жөнүндө макулдашты.
7-берене.
Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашуунун кызматташуунун биргелешкен программаларын түзүүгө, өз ара кызыкчылыкты туудурган айкын чөйрөлөрдө, эгерде зарылдыгы болсо, айрым макулдашууларды түзүүнү колдошот.
8-берене.
Макулдашуучу Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Кыргыз-Сауд өкмөттөр аралык комиссияны түзүшөт.
9-берене.
1. Бул Макулдашуу ратификацияланууга тийиш жана Макулдашуунун күчүнө кирүүсү боюнча зарыл болгон ички жол-жоболорунун аякташын ырастаган өз ара кабарлоо дипломатиялык каналдар аркылуу берилген күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, эгер Макулдашуучу Тараптардын бири тийиштүү мезгил аяктаганга алты айдан кем эмес убакыт калганга чейин экинчи Макулдашуучу Тарапка жазуу жүзүндө ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө билдирбесе, кийинки жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
3. Бул Макулдашууну колдонууну токтотуу ушул Макулдашуу колдонулган мезгилде кол коюлган келишимдерге же макулдашууларга таасирин тийгизбейт, ошондой эле эгерде Макулдашуучу Тараптар башка чечим кабыл алышпаса ушул Макулдашууну колдонуу токтоп калган мезгилге чейин толук же айрым аткарылбай калган келишимдерге жана макулдашууларга таасир тийгизбейт.
________________________ шаарында 20__-жылдын "__" _____________, Хижранын 14__-жылынын "__" _________________ эки нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасы үчүн Сауд Арабиясы Королдугу үчүн