Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-апрели № 137-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө
макулдашуу
Мындан ары «Тараптар» деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,
эки өлкөнүн ортосунда достук жана туугандык мамилелерди андан ары өнүктүрүү максатында,
эки мамлекеттин жарандарынын өз ара сапарларынын тартибин жөнгө салуу максатында,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү 1 жана 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн документтерге ээ бир Тараптын мамлекетинин жарандары ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн жоболордун чегинде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүүгө, транзит менен өтүүгө, чыгууга жана убактылуу болууга укуктуу.
2-берене
1. Бир Тараптын мамлекетинин жарандары эл аралык жүргүнчүлөр каттамы үчүн арналган өткөрмө пункттары аркылуу экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүүгө, транзит менен өтүүгө жана чыгууга укуктуу.
2. Мамлекеттик чек арадан өтүүдө бир Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык белгиленген эрежелерди сактоого милдеттүү.
3-берене
1. Бул Макулдашуунун 1 жана 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн документтерге ээ бир Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын аймагына кирүү, транзит менен өтүү, чыгуу жана убактылуу болуу үчүн токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотулат.
2. Визаны тариздөөдөн бошотуу токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө туристтик, бизнес жана расмий максаттар менен чыгууда колдонулат.
3. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында визасыз мезгилден ашыкча мөөнөткө калууга ниеттенген бир Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана консулдук мекемесине виза алуу үчүн күн мурунтан кайрылууга тийиш.
4. Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун алкагында уюштурулган токсон (90) күндөн ашык мөөнөткө конференция, семинар, стажировка жана башка иш-чараларга жиберилүүчү ар бир Тараптын министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматкерлерине виза жиберүүчү Тараптын Тышкы иштер министрликтеринин жазуу жүзүндөгү өтүнүч-каттары болгондо уюштурулган иш-чаранын бүткүл мөөнөтүнө акысыз негизде берилет.
4-берене
1. Бир Тараптын мамлекетинин жарактуу дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспортторунун ээлери болгон, Тышкы иштер министрлигинде аккредиттелген, дипломатиялык өкүлчүлүгүнө, консулдук мекемелерге жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө кызматка дайындалган Тараптын жарандары дайындалган мезгилинде экинчи Тараптын аймагына кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн виза тариздөөдөн бошотулат.
2. Бул берененин 1-пунктунун жоболору алардын жарактуу паспортко ээ үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайы жана балдары) да тиешелүү.
3. Тараптар аккредиттелген адамдар тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу маалымат беришет.
5-берене
Бул Макулдашуунун 1 жана 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн жарактуу документтердин ээлери үчүн ушул Макулдашуунун 3-беренесинде көрсөтүлгөн мезгилде виза берүүдөн бошотуу ар бир Тараптын мамлекетинин эл аралык унаа (поезд, жүк ташуучу унаа жана автобус жана жарандык самолёттор) менен товар жана жүргүнчү ташыган экипаждарынын мүчөлөрү сыяктуу жарандарына да тиешелүү.
6-берене
Бир Тараптын мамлекетинин жарандары ушул Макулдашуунун 3-беренесинде көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде экинчи Тараптын аймагынан кандайдыр бир жүйөлүү себептерден (ооруп калуу, табигый кырсык) чыга албай калса жана мындай себептерди документ түрүндө же башка ишенимдүү тастыктоосу болсо, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болуу мөөнөтүн узартуу үчүн тийиштүү органдарга кайрыла алышат.
7-берене
1. Визадан бошотуу Тараптардын мамлекеттеринин жарандарынын эмгек аткаруусуна укук бербейт.
2. Тараптардын мамлекеттеринин иштөө, изилдөө, үй-бүлөсү менен биригүү жана узак мөөнөттүү жашоо максатында же башка максаттар менен токсон (90) күндөн ашуун убакытка барган жарандары Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде мурдатан виза алууга тийиш.
3. Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу укугуна ээ болгон билим берүү мекемелеринен алынган жарактуу документтери керсөтүлгөн учурда виза акысыз берилет.
4. Өлкөдө болуу мөөнөтүн узартуу жол-жобосу ар бир Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
8-берене
Визаны тариздөө үчүн алынган сумма ар бир Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдары менен белгиленет. Визаны тариздөө үчүн сумма өз ара мамиленин чегинде Тараптардын өз ара макулдугу боюнча аныкталат.
9-берене
Ар бир Тарап себебин түшүндүрбөстөн башка Тараптын мамлекетинин жаранын өз аймагына киргизүүдөн баш тартууга же өлкөдө болуу мөөнөтүн кыскартып коюуга укуктуу.
10-берене
1. Ар бир Тарап мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти жана калктын саламаттыгын сактоону камсыз кылуу максатында бул Макулдашууну колдонууну толук же жарым-жартылай токтотуп коё алат. Мындай токтото туруу жөнүндө кат жүзүндөгү маалымат экинчи Тарапка токтото турууга чейин кеминде 72 күн мурда дипломатиялык канал боюнча жөнөтүлөт.
2. Бул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн себептер боюнча Макулдашууну токтотуу жөнүндө чечим чыгарган Тарап Макулдашууну кайрадан колдонуу чечими жөнүндө экинчи Тарапка ошондой эле тартипте билдирет.
11-берене
1. Тараптар ушул Макулдашуунун 1 жана 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн документтердин үлгүлөрүн Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 60 күндөн кечиктирбей дипломатиялык каналдар аркылуу алмашат.
2. Эгерде Тараптар жаңы документтерди колдонсо же болгон документтерге ушул берененин 1-пунктунда айтылган документтерге ар кандай эскертүүлөрдү киргизсе, алар андай документтердин үлгүлөрүн колдонууга чейин кеминде 60 күн мурда жөнөтүшөт.
12-берене
1. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда келип чыккан талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет.
2. Зарыл болгон учурларда Тараптар Макулдашуунун жоболорунун аткарылышын контролдоо милдети тапшырылган жумушчу топ түзүшү мүмкүн. Тараптар мындай топту түзүү жана чакыруу ниети жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу маалымдашат.
13-берене
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу менен Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу, нота алмашуу жолу менен түзүлүүчү, өзүнчө Макулдашуулар катары таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
14-берене
Бул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн керектүү ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн күндөн тартып отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып 1992-жылдын 4-мартында Ноталарды алмашуу жолу менен түзүлгөн «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда визаны жоюу жөнүндө» Макулдашуу күчүн жоготот.
Бул Макулдашуунун иштөө мөөнөтү белгиленбейт жана Тараптардын бири дипломатиялык каналдар аркылуу Макулдашууну колдонууну токтотуу ниетин башка Тарапка жазуу түрүндө билдиргенге чейин күчүндө боло берет. Мындай болгон учурда Макулдашуу күчүн башка Тарап жогоруда аталган билдирүүнү алгандан күндөн баштап 6 айдан кийин жоготот.
_______________________шаарында 20___-жылдын «_____» ______________________
түрк, кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса, англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркия Республикасынын аймагына кирүүсү, чыгуусу,
транзит менен өтүүсү жана болуусу үчүн документтердин
тизмеси
1. Дипломатиялык паспорт.
2. Кызматтык паспорт.
3. 1994-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорт, жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин.
4. 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорт.
5. 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорт.
6. Аба кеменин экипажынын мүчөсүнүн учуу күбөлүгү (экипаждын курамында учуу мезгилинде)
7. Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүк.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө
2-тиркеме
Түркия Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү, чыгуусу,
транзит менен өтүүсү жана болуусу үчүн документтердин
тизмеси
1. Дипломатиялык паспорт.
2. Кызматтык паспорт.
3. Атайын паспорт.
4. Түркия Республикасынын жалпы жарандык паспорту.
5. Убактылуу паспорт.
6. Аба кеминин экипажынын мүчөсүнүн документи (экипаждын курамында учуу мезгилинде)
7. Жүрүү документи (Түркия Республикасына кайтуу үчүн).