Редакцияот 25.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 25-апрели № 138-ба

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-пунктун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуунун алкагында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 138-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине Келишимдин аталган долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.".

 

Премьер – министри

А.Атамбаев