Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-апрели № 138-б
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 138-ба буйругунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуунун алкагында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимдин тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине Келишимдин аталган долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 138-ба буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасыньш Өкмөтү (мындан ары - Тараптар) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ишинин негиздерин аныктоо, 1995-жылдын 30-сентябрында Түркия Республикасынын Измир шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында «Манас» атындагы Кыргыз-Түрк университетинин уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимге оңдоолорду киргизүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимге кол коюшту:
1-берене
Бул келишим 1997-жылдын 24-ноябрында Анкара шаарында кол коюлган, Бишкек шаарында «Манас» атындагы Кыргыз-Түрк университетинин уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишим тууралуу протоколдун тиркемесин жокко чыгарбайт.
Аталган протоколдун мөөнөтү Келишимдин мөөнөтүнүн аягына чейин уланат.
2-берене
Университетте окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт. Бирок, кош диплом же эки мамлекетке тең колдонулуучу диплом берүүчү бөлүмдөрдө билим берүү чет тилдеринде жүргүзүлүшү мүмкүн. Ошондой эле факультеттердин жана бөлүмдөрдүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чет тилдер күчөтүлгөн багытта окутулат. Ушуга байланыштуу зарыл болгон учурда даярдоо курстары ачылышы мүмкүн.
3-берене
Жаңы факультеттерди, бөлүмдөрдү, институттарды, жогорку мектептерди ачуу боюнча чечимдер ректордун сунушунун негизинде Камкорчулар кеңеши тарабынан кабыл алынат.
4-берене
Университет илимий-билим берүүчү мекеме болуп эсептелет жана берилген дипломдор эки өлкө тарабынан бирдей таанылат.
5-берене
Университетти башкаруу 8 мүчөдөн турган Камкорчулар кеңеши тарабынан жүргүзүлөт, Камкорчулар кеңешине ар бир Тараптан 4 адам дайындалат. Камкорчулар кеңешинин төрагасын жана 3 мүчөсүн Президенттин, Премьер-министрдин жана министрдин чечими менен Түрк тарап дайындайт. Бул чечим Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү боюнча комитетинин сунушунун негизинде Билим берүү министрлиги тарабынан даярдалат.
6-берене
Университеттин ректорун Камкорчулар кеңешинин сунушунун негизинде Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү боюнча комитети, ал эми биринчи проректорун Камкорчулар кеңешинин сунушунун негизинде Кыргыз тарап 4 жылдык мөөнөткө дайындайт.
7-берене
Камкорчулар кеңешинин ишин кошкондо, Университеттин башкаруусун, финансы жана илимий иштерин текшерүү жана аларга байкоо жүргүзүү максатында Текшерүү комиссиясы түзүлөт, анын курамына ар бир Тараптан 4 мүчө дайындалат. Бул Комиссиянын мүчөлөрүн дайындоо Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо тартибине ылайык жүргүзүлөт. Текшерүү комиссиясынын төрагасы 2 жылга кезек менен ар бир тараптын дайындалган мүчөлөрүнөн шайланат.
Текшерүү комиссиясы жылына кеминде 1 жолу жалпы отчет берет.
8-берене
Университетте Түркиянын, Кыргызстандын жана башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана коомдордун жарандарына-студенттерине мүмкүнчүлүктүн алкагында артыкчылык берилет.
Университетке жогорку окуу жайлар жөнүндө эрежелерге ылайык орто жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат.
9-берене
Кыргыз тарап Университетти, анын кызматкерлерин (профессордук-окутуучулар курамын, административдик кызматкерлерди, жетекчилерди ж.б.) жана студенттерин Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мыйзамдардын алкагында укуктар жана мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылат. Профессордук-окутуучулар курамынын жана административдик кызматкерлердин жалпы саны, Түркия Республикасын кошкондо, жарандыгына карабастан, Университет тарабынан сунуш кылынат жана ушул санда Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдары тарабынан бекитилет.
10-берене
Университет заманбап университеттин моделинде уюштурулат жана анын бюджетинин 50 пайызы Түркия Республикасынын каражаттарынын эсебинен, 50 пайызы Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлөт. Университет юридикалык жана жеке жактардан жардам ала алат.
11-берене
Университеттин административдик кызматкерлери жана профессордук-окутуучулар курамы эмгек келишиминин негизинде ишке кабыл алынат.
Түркия Республикасынын мамлекеттик университетинен жиберилген окутуучулар менен административдик кызматкерлер Түркия Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык 3 жыл бою эмгек акысын сактоо менен иштей алат. Мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларынан жиберилген окутуучулар жана административдик кызматкерлер Камкорчулар кеңешинин талабына жана өздөрүнүн мекемелеринин уруксатына, ошондой эле Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү боюнча комитетинин дайындоосуна ылайык эмгек акысы сакталбай иштей алат.
Иштелип чыккан уставдын беренелерине ылайык окутуучулардын жана административдик кызматкерлердин эмгек акылары Камкорчулар кеңеши тарабынан белгиленет жана алардын Кыргызстанда болуу мөөнөтү Түркия Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Социалдык коргоо комитети тарабынан контролдонот, чет өлкөдө иштегендиги үчүн берилүүчү компенсациядан тышкары, эмгек акысынан төлөнүүчү социалдык коргоо төлөмдөрүнүн бардык түрлөрү Университеттин бюджетинен которулат. Кыргызстанда кызматтык болуу эмгек стажына кирет.
12-берене
Түркиядан жана башка чет өлкөлөрдөн алынып келинген окуу-методикалык материалдар, техникалык жабдуулар жана инвентарлар үчүн бажылык жана башка салыктар алынбайт.
13-берене
Кыргыз тарап Университетти административдик, окуу имараттары, кампус менен камсыз кылат, окуу-өндүрүштүк чарбаны куруу үчүн жер участокторун бөлүп берет. Университетке бөлүнүп берилген имараттар жана жер участоктору Камкорчулар кеңеши тарабынан бааланат. Университетке бекитилген жана өткөрүп берилген имараттарга жана жер участокторуна ылайык келген акча каражаттарын оңдоо иштерин жүргүзүү, жабдуу жана башка чыгымдарды тындыруу үчүн Университеттин бюджетине Түркия тарап бөлүп берет.
14-берене
Камкорчулар кеңеши кеминде 1 жолу ар бир календардык жылдын аяганда Тараптарга Университеттин иши жөнүндө отчет берет.
15-берене
Университетке жалпы көзөмөлдү Түрк тараптан Жогорку билим берүү боюнча комитетинин жетекчилиги, Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзөт.
16-берене
Бул Келишимди талкуулоо жана анын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча пикир келишпестиктерди жоюу Тараптардын ортосундагы дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет.
17-берене
Бул Келишим 25 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана зарыл болгон бардык жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча алгандан кийин күчүнө кирет.
Эгерде Келишимдин мөөнөтү бүтөөрүнө 6 ай калганда Тараптардын бири ушул Келишимди токтотуу ниетин билдирбесе, анда Келишимдин мөөнөтү кийинки 25 жылга автоматтык түрдө узартылат.
Бардык кыймылсыз мүлк, курулган имараттар жана материалдык-техникалык жабдуу Университетке берилет. Университет жоюлганда Тараптар атайын жалпы комиссия түзөт, бул комиссия инвентарлаштыруу жүргүзөт, андан соң ар бир Тарап өзүнүн үлүшүн алат.
Ошондой эле мөөнөтүнүн аяктагандыгына карабай, бул Келишимдин жоболору улантылып жаткан долбоорлорго жана башка иштерге карата күчүндө болот.
18-берене
Бул Келишимге кайсыл учурда болбосун дипломатиялык каналдар аркылуу Тараптардын жазуу жүзүндө кайрылуусу жана макулдуту боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Мүмкүн болуучу өзгөртүүлөр ушул Келишимдин 17-берененин 1-абзацында аталган тартипте күчүнө кирет.
19-убактылуу берене
Бул Келишимге кол коюлгандан кийин 3 айдын ичинде ушул Келишимдин 6-беренесине ылайык ректор жана биринчи проректор дайындалат. Жаңы дайындоо болгонго чейин азыркы ректор жана биринчи проректор өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууну улантат.
________________шаарында 20__-жылдын «____» _______________________________
эки нускада, ар бири кыргыз жана түрк тилдеринде түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |