Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-февралы № 29
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2017-жылдын 26-январындагы № 10 буйругу менен Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.И.Сушанло, берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы 2017-жылдын 27-январында өткөрүлгөн.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүнүн, Ысык-Ата районунун Интернационал айыл өкмөтүнүн, Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок.
Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарынын мэрин, Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн, Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн, Ат-Башы районунун Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо, депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, өткөн жок.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жана "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Москва районунун Александровка жана Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 20-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоо тиркемеге ылайык дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| ||
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону өткөрүү графиги
№ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын аталышы | Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы | Шайлоо өтпөй калгандыгына себеп | Кайра шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы | Эскертме |
Жалал-Абад облусу | |||||
1 | Таш-Көмүр шаары | 2017-жылдын 31-январына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | Талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок | 2017-жылдын 16-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен |
Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району | |||||
2 | Чолпон-Ата шаары | 2017-жылдын 31-январына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | Талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок | 2017-жылдын 16-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен |
Нарын облусу Ак-Талаа району | |||||
3 | Кара-Ой айыл өкмөтү | 2017-жылдын 31-январына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок | 2017-жылдын 10-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча |
Ат-Башы району | |||||
4 | Кара-Коюн айыл өкмөтү | 2017-жылдын 1-февралына, саат 15-00дөн 18-00гө чейин | Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок | 2017-жылдын 10-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча |
Чүй облусу Москва району | |||||
5 | Беловодск айыл өкмөтү | 2017-жылдын 31-январына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | Талапкерлер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок | 2017-жылдын 16-февралына, саат 15-00дөн 18-00гө чейин | жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен |
Кемин району | |||||
6 | Кемин шаары | 2017-жылдын 1-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок | 2017-жылдын 10-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча |
Ысык-Ата району | |||||
7 | Ак-Кудук айыл өкмөтү | 2017-жылдын 1-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок | 2017-жылдын 10-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча |
8 | Интернационал айыл өкмөтү | 2017-жылдын 2-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | Талапкерлер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок | 2017-жылдын 16-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен |
Чүй району | |||||
9 | Бурана айыл өкмөтү | 2017-жылдын 2-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | Депутаттардын кворуму жоктугуна байланыштуу, шайлоо өткөн жок | 2017-жылдын 10-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча |
10 | Кегети айыл өкмөтү | 2017-жылдын 2-февралына, саат 15-00дөн 18-00гө чейин | Талапкерлер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок | 2017-жылдын 16-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен |
Ош облусу Кара-Суу району | |||||
11 | Шарк айыл өкмөтү | 2017-жылдын 31-январына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | Талапкерлер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо өткөн жок | 2017-жылдын 16-февралына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин | жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен |