Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 30-июну № 258-б
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 23-августундагы № 359-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Жеке жана юридикалык жактарга кредит берүү жана күрөөгө коюлган мүлктү алып коюу менен байланышкан маселелерди ар тараптуу изилдөө максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана жеке жана юридикалык жактарга кредит берүүнүн колдонулуудагы практикасын, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктү алып коюуга байланышкан жарандык-укуктук талаш-тартыштарды чечүүнү изилдесин жана ар тараптуу талдоо жүргүзсүн жана 2011-жылдын 20-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, укук коргоо органдарынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоого көмөк көрсөтүү сунушталсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 23-августундагы № 359-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Жеенбаева Б.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Касымалиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кылжыев С.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы;
|
Байгончоков М.К. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Мамбеталиева Ж.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Мусаев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Тажибаев А.К. | - Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директору (макулдашуу боюнча);
|
Убалиев Э.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Давлеткелдиева Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Исабеков Н.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;
|
Абдраев А.К. | - Кыргызстандын Банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
|
Шамшиева Г.Ж. | - «Байтүшүм жана өнөктөштөр» микро финансы компаниясы жабык акционердик коомунун башкы менеджери (макулдашуу боюнча);
|
Токтобаев Э. | - займчылардын демилге тобунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Таласбаева Т. | - займчылардын демилге тобунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
СолпуеваР. | - займчылардын демилге тобунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Назаркулова Д.М. | - займчылардын демилге тобунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
НурбаевА.М. | - Ош шаарынын Ишкерлер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча). |