Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 6-июлу № 267-б
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 502-б буйругунун редакциясына ылайык)
2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиянын долбоорун жана 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иштердин улуттук планынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укугу, бирдей мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчынын) орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри;
Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министри;
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Көчөрбаева З.И. - "Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
Айтматова Р.Т.- Аялдарды колдоо борборунун директору (макулдашуу боюнча);
Житенева Т.В. - БУУнун түзүмүнүн гендерлик маселелер боюнча кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Асылбекова Н.С. - гендер боюнча ПРООНдун өлкөлүк координатору (макулдашуу боюнча);
Киндербаева Н.Э. - гендер боюнча U№FPA программасынын аналитиги (макулдашуу боюнча);
Абдуллаева Г.С. - Азия өнүктүрүү банкынын программасынын консультанты (макулдашуу боюнча);
Баймамбетова Г.Ш. - "Ишкер аялдарды колдоо ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).".
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 502-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2011-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиянын долбоорун жана 2012-2014-жылга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иштердин улуттук планынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ жумушчу топко консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн көз каранды эмес жана жооптуу адистерден эксперттик жана жумушчу подгруппаларды белгиленген тартипте түзүүгө, ошондой эле министрликтерден жана ведомстволордон зарыл маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |