Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 26-октябры № 502-б
2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиянын долбоорун жана 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иштердин улуттук планынын долбоорун иштеп чыгуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлдагы № 267-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укугу, бирдей мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчынын) орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоо боюнча министри;
Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министри;
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Көчөрбаева З.И. - "Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
Айтматова Р.Т.- Аялдарды колдоо борборунун директору (макулдашуу боюнча);
Житенева Т.В. - БУУнун түзүмүнүн гендерлик маселелер боюнча кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Асылбекова Н.С. - гендер боюнча ПРООНдун өлкөлүк координатору (макулдашуу боюнча);
Киндербаева Н.Э. - гендер боюнча U№FPA программасынын аналитиги (макулдашуу боюнча);
Абдуллаева Г.С. - Азия өнүктүрүү банкынын программасынын консультанты (макулдашуу боюнча);
Баймамбетова Г.Ш. - "Ишкер аялдарды колдоо ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).".
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |