Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 281-б буйругу менен бекитилген |
1. "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Байкоочу комитет (мындан ары - Байкоочу комитет) аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча кызыкдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин координациялоону камсыздоо максатында түзүлгөн консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.
2. Байкоочу кеңештин жеке курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Байкоочу кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына, Бишкек шаарында 2009-жылдын 5-ноябрында кол коюлган "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда каржылоо жөнүндө макулдашууга, ошондой эле ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.
4. Байкоочу кеңештин иши коомдук негизде ишке ашырылат.
5. Байкоочу комитеттин негизги максаты "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун жогорку натыйжалуулугуна жетишүү болуп эсептелет.
6. Байкоочу комитеттин негизги милдети "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоорун ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо болуп саналат.
7. Белгиленген максаттарга жетүү жана милдеттерди аткаруу үчүн Байкоочу комитет төмөнкү иш милдеттерди жүргүзөт:
- долбоор боюнча жылдык инвестициялык планды карайт жана бекитет;
- өзүнүн жыйындарында долбоорду ишке ашыруу боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттиктердин отчетторун угат;
- долбоорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу агенттиктин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде чечүүнү талап кылган айрым проблемалуу маселелер боюнча иштерди карайт жана чечим кабыл алат;
- аткаруучу агенттиктин сунушу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндөгү маселелер боюнча сунуштарды карайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет.
8. Байкоочу комитет белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл маалыматтарды сурап алууга;
- өзүнүн жыйындарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн долбоорду ишке ашыруу жөнүндөгү маселелер боюнча чакырууга жана угууга.
9. Байкоочу комитеттин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок иш планына ылайык кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана жыйынга Байкоочу кеңештин 2/3 мүчөлөрү катышкан шартта укуктуу деп таанылат.
10. Байкоочу комитеттин жыйындарын анын төрагасы, ал эми ал жок учурда төраганын орун басары башкарат.
11. Байкоочу комитеттин чечимдери Байкоочу комитеттин жыйындарга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат, протоколдор менен таризделет, Байкоочу комитеттин төрагасы кол коет.
12. Байкоочу комитеттин чечимдери сунуш берүүчү мүнөздө болот жана ишке пайдалануу үчүн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарына жиберилет.
13. Байкоочу комитеттин ишин анын жумушчу органы - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги камсыз кылат.
14. Байкоочу комитет өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин негизинде токтотот.