Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 14-июлу № 281-б
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 5-ноябрында кол коюлган "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ушул долбоорду ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо максатында:
1. Төмөнкү курамда "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун Байкоочу комитети түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы, Байкоочу комитеттин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, Байкоочу комитеттин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн эксперти;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Каракол шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Балыкчы шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
"Жаратылышты туруктуу пайдалануу" туруктуу жер-суу энергия пайдалануу жаатындагы адистердин өкмөттүк эмес ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча).
2. Тиркелген "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Байкоочу комитет жөнүндө жобо бекитилсин.
3. "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча Байкоочу комитеттин ишин методикалык жана уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |