Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-июлу № 282-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтү салык мыйзамын сактоо маселелери боюнча эл аралык кызматташтыктын жана өз ара жардамдашуунун маанилүү экендигине таянып, салыктык укук бузуулардын алдын алууга, бетин ачууга жана бөгөт коюуга байланышкан милдеттерди натыйжалуу чечүү максатында, салыктык укук бузуулардын алдын алууда, бетин ачууда жана бөгөт коюуда бири-бирине кеңири көмөк көрсөтүүнү каалап, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене. Терминдердин аныктамасы
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн колдонулган терминдер төмөндөгүлөрдү билдирет:
«салык мыйзамдары» - Тараптын мамлекетинин аймагында салыктардын түрлөрүн жана аларды алуунун тартибин белгилөөчү жана салык милдеттенмелеринин пайда болушуна, өзгөрүшүнө жана токтотулушуна байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардын жыйындысы;
«салык мыйзамдарын бузуу» - укукка каршы аракет же арекетсиздик, ал салык төлөөчүнүн бюджет алдындагы юридикалык жоопкерчилиги белгиленген милдеттенмесин аткарбагандыгын же талаптагыдай эмес аткаргандыгын билдирет;
«компетенттүү органдар - Тараптардын ыйгарым укуктуу салык органдары»:
- Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
- Азербайжан Тараптан - Азербайжан Республикасынын Салыктар боюнча министрлиги;
«өтүнүч жиберген компетенттүү орган» - салык маселелери боюнча көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүү (мындан ары - кемөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүү) менен кайрылган Тараптын компететтүү органы;
«өтүнүч жиберген компетенттүү орган» - көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчтү алган Тараптын компетенттүү органы
2-берене. Ушул Макулдашуунун колдонуу чөйрөсү
Тараптар салык мыйзамдарынын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу максатында компетенттүү салык органдары аркылуу бири бирине төмөндөгүдөй көмөк көрсөтүшөт: салык мыйзамдарынын бузулушун алдын алууда жана болтурбоодо;
юридикалык жана жеке жактардын салык мыйзамдарын сакташы жөнүндө маалыматтар берүүдө;
сураныч боюнча же демилге ирээтинде улуттук салык системалары жана салык мыйзамдарынын учурдагы өзгөрүүлөрү жөнүндө маалымат берүүдө;
салык органдарынын ишин камсыз кылуучу компьютердик системаларды түзүүдө жана алардын иштетүүдө;
салык төлөөчүлөр жана салык органдары менен ишти уюштурууда, анын ичинде салык мыйзамдарынын сакталышын контролдоону камсыз кылуу боюнча усулдук сунуштарды иштеп чыгууда; кадрларды окутуу жаатында; биргелешкен аракетти талап кылган башка маселелерде.
Бул Макулдашуунун жоболору Тараптар ортосунда түзүлгөн, башка келишимдерге ылайык компетенттүү органдарынын кызматташуусуна тоскоолдук кылбайт.
3-берене. Көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчтүн формасы жана мазмуну
Көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүч расмий жазуу жүзүндө, аны кароо үчүн зарыл болгон документтерди тиркөө менен жиберилет. Өзгөчө кырдаал учурунда көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүч оозеки түрдө жасалып, ал кийин бир айлык мөөнөттө жазуу түрүндө ырасталышы мүмкүн.
Көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүч мүнөзүнө жараша төмөндөгүлөрдү камтыйт:
өтүнүч жиберген компетенттүү органдын аталышын; өтүнүч жиберилген компетенттүү органдын аталышын; өтүнүчтүн максатын жана себебин;
өтүнүч тиешелүү салык төлөөчүнүн аталышын (аты-жөнүн) жана дарегин (жайгашкан ордун же жашаган жерин) жана/же идентификациялык номерин;
карала турган мезгилди жана салыктардын ачык-айкын түрлөрүн көрсөтүү менен өтүнүчтүн маани-маңызын жана ага байланышкан юридикалык жагдайлардын кыскача баяны.
Көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүч орус тилде баяндалышы керек.
4-берене. Көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчтү аткаруу тартиби
Тараптардын компетенттүү органдары Тараптардын мыйзамдарына жана чегинде ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык өз компетенцияларынын бири бирине көмөк көрсөтүшөт.
Өтүнүч кечиктирилбестен аткарууга алынат. Өтүнүч берилген компетенттүү орган, эгер өтүнүчтү аткаруу үчүн зарыл болсо, тактоо иретинде кошумча маалымат сурай алат.
Өтүнүчтү аткарууга мүмкүн болбогондо, өтүнүчтү алган компетенттүү орган өтүнүч берген компетенттүү органга бул туурасында дароо кабарлайт.
Эгерде өтүнүчтү аткаруу мамлекеттин көз карандысыздыгына же коопсуздугуна зыян алып келе турган болсо, же болбосо мамлекеттин улуттук мыйзамдарына, бул мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерине жана кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, ошондой эле анын жарандарынын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келсе, өтүнүчтү аткаруудан толугу менен же жарым-жартылай баш тартылышы мүмкүн.
Өтүнүчтү аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартуу же анын аткаруу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда көмөк көрсөтүү суралган Тараптын компетенттүү органы 10 күндүн ичинде бул жөнүндө сураган Тараптын компетенттүү органына мындай чечимдин себептерин көрсөтүү менен кабарлайт.
Көмөк көрсөтүү суралган компетентгүү орган көмөк көрсөтүү жөнүндө суранычты аткарууга байланышкан өз аймагындагы бардык чыгымдарды көтөрөт.
5-берене. Берилүүчү маалыматтардын мазмуну
Тараптардын компетенттүү органдары өз демилгеси боюнча же көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүч боюнча бири бирине төмөндөгүлөр жөнүндө маалымат беришет:
ишканаларды, алардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн каттоо, анын ичинде алардын жайгашкан жери, баш ийүүсү, менчик формасы жана башкалар туурасында маалыматтар;
жеке ишкерлердин жашаган жери боюнча эсепке алынуусу, анын ичинде алардын жайгашкан орду тууралуу маалыматтарды;
юридикалык жана жеке жактардын мамлекеттик жана коммерциялык банктарда ачылган эсептери, ошондой эле алардагы накталай акчалар жана акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө, эгер мындай маалыматтарды берүү Тараптардын улуттук мыйзамдарына карама-каршы келбесе;
Тараптын мамлекетинин аймагында алынган, тийиштүү маалымат берген, юридикалык жана жеке жактардын салык салынуучу бардык түрдөгү объекттери, ошондой эле салыктын төлөнгөн суммалары же салык салууга байланышкан башка маалыматтар.
6-берене. Документтерди жана башка материалдарды берүү
Тараптардын сураныч берилген органдары көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүч боюнча ченемдик актыларды, документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана салыкка байланышкан териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка материалдарды беришет.
Көчүрмөлөр ыйгарым укуктуу адамдын койгон колу жана сураныч берилген компетенттүү органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр териштирүү үчүн жетишсиз болгон учурда документтердин түп нускасы жана башка материалдар талап кылынышы мүмкүн. Берилген документтердин түп нускасы жана башка материалдар белгиленген убакытта кайтарылып берилиши керек.
7-берене. Купуялуулукту сактоо
Ачык-айкын салык төлөөчүлөргө тиешелүү маалымат купуялуу болуп эсептелет жана тиешелүү маалымат берген Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына жана өтүнүч берген салык кызматынын талаптарына ылайык коргоо тартиби менен камсыз кылынат.
Алынган маалымат Тараптар тарабынан ушул Макулдашууда каралган максаттарда гана, анын ичинде администрациялык же соттук териштирүү үчүн пайдалынылышы мүмкүн. Алынган маалыматты башка максатта пайдалануу же аны үчүнчү жакка берүү маалымат берген Тараптын макулдугу менен гана болушу мүмкүн.
8-берене. Ушул Макулдашууну аткаруу
Тараптар ортосундагы кызматташтыктын жана өз ара жардам көрсөтүүнүн ачык-айкын формалары менен методдору Тараптардын компетенттүү органдары дайындаган кызмат адамдарынын түз байланышы жолу менен аныкталат. Компетенттүү салык органдары кызмат адамдарын ушул максатта аныкташат жана бири-бирине алар жөнүндө маалымат беришет.
Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда пайда болуучу талаш-тартыш маселелерди жөнгө салууда өз ара макулдашууга жетишүүгө аракет кылышат.
Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүнө баа берүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу үчүн зарыл учурларда консультацияларды өткөрүшөт. Мындай консультациялардын мөөнөттөрүн Тараптар кошумча аныкташат.
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу үчүн Тараптардын компетенттүү органдары тиешелүү жол-жоболорду бирге иштеп чыгышат жана макулдашат.
9-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана ушул Макулдашуунун 10-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирген өзүнчө протоколдор менен ырасталат.
10-берене. Ушул Макулдашуунун күчүнө кириши жана таасиринин жоготулушу
Ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы кат жүзүндөгү маалымат алган күнү күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгер Тараптардын бирөө дагы Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө өз-оюн Макулдашуунун убакыты бүткөнгө чейин кеминде алты ай мурда аны колдонуучу токтотуу ниети жөнүндө кат жүзүндө билдирбесе, Макулдашуу кийинки беш жылдык мезгилдерге дароо узартылат.
2011-ж «____»____________ ________________________ шаарында эки түпкү нускада, кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
Эгерде бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болсо, орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |