Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 464-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 19-июлу № 288-б
Дене тарбияны жана спортту андан ары жайылтуу жана өнүктүрүү, эл аралык ынтымакты, элдердин бейпилдигин жана достугун чыңдоо, ошондой эле калкты дене тарбия жана спортко машыгууга тартуу максатында:
1. Республиканын аймагында Кыргыз Республикасынын Спартакиадасы (мындан ары - Спартакиада) 4 жылда бир жолу өткөрүлсүн.
2. Тиркелген Спартакиаданы даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
- Спартакиаданын Регламентин бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;
- облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте Спартакиаданын финалдык мелдештерин өткөрсүн.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- республиканын региондорунда Спартакиаданын мелдештеринин 1 жана 2-этаптарын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Спартакиаданын финалдык мелдештеринде облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын курама командаларынын даярдык көрүүсүн жана катышуусун камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тийиштүү жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине каралган каражаттардын чегинде Спартакиаданы даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Спартакиаданы өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Спартакиаданын катышуучуларын медициналык тейлөөнү камсыз кылсын.
8. Жалпыга маалымдоо каражаттарына Спартакиаданын этаптарын жана финалдык мелдештерин өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
9. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-июлундагы № 288-б буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жаштар саясаты жана дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министри;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпия комитетинин президенти (макулдашуу боюнча).